Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 12/03/2021
  • Просмотров: 2458
Бишкекте көчмө мобилдүү КТБлар 4 күн биометриканы кабыл алышат, паспортко жана каттоого документтерди тариздешет

Бишкек шаарында 2021-жылдын 16-мартынан тартып 19-мартына чейин мобилдүү КТБлар шаардыктардын биометрикалык маалыматтарын кабыл алышат, жашаган жери боюнча катташат, паспортту алмаштырууга документтерди кабыл алышат, ошондой эле жарандар КР БШКнын кызматкерлеринен алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө маалымат жана консультация ала алышат.

 

2021-жылдын 16-марты

 

Ленин району:

 

Ленин райондук мамлекеттик администрациясы 9:00дөн 13:00гө чейин

 

Ош базары 14:00дөн 18:00гө чейин.

 

2021-жылдын 17-марты

 

Биринчи Май району:

 

МТУ-16 Ак-Босого т/к 9:00дөн 13:00гө чейин

 

МТУ-15 14:00дөн 18:00гө чейин.

 

2021-жылдын 18-марты

 

Октябрь району:

 

Рухий Мурас т/к 9:00дөн 13:00гө чейин

 

Көк-Жар т/к 14:00дөн 18:00гө чейин.

 

2021-жылдын 19-марты

 

Свердлов району:

 

Ак-Жар т/к 9:00дөн 13:00гө чейин

 

Дордой т/к 14:00дөн 18:00гө чейин.

 

Чүй облусунун Аламүдүн району:

 

16-март – Лебединовка а.

 

17-март – Ленин а.

 

18-март – Таш-Мойнок а.

 

19-март – Аламүдүн а.

 

Мобилдүү КТБнын кызматкерлери паспорттоштуруу кызматтарын көрсөтүү үчүн (фотокызматтар, ксерокөчүрмө, биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн аппарат, касса) зарыл техникалар менен жабдылган кичи автобустун ичинде документтерди кабыл алышат.

 

Бишкектин тургундары үчүн төмөнкү даректерде жайгашкан Калкты тейлөө борборлорунан биометрикалык каттоодон өтүү мүмкүнчүлүгү бар:

 

Бишкек шаарындагы КТБлардын дареги:

 

  1. Бишкек ш. 1-КТБ (Нуркамал Жетикашкаева көч., 29);
  2. Бишкек ш. 2-КТБ (Чолпон-Ата көч., 2);
  3. Бишкек ш. 3-КТБ (Жаш Гвардия көч., 4);
  4. Бишкек ш. 4-КТБ (Ауэзов көч., 1/5);
  5. Бишкек ш. 3/2-КТБ (Садырбаев көч., 107 (Ахунбаев/Бах);
  6. Бишкек ш. 2/2-КТБ (Т.Молдо көч., 21/Фрунзе көч.);

 

Кичи КТБлар дем алыш күндөрү иштешет.

 

Иш графиги: 10:00дөн 19:00гө чейин.

 

Шейшемби-жекшемби, дүйшөмбү дем алыш.

 

Кичи КТБ: “Глобус” СБ (Чүй пр., ЖЭБдин маңдайында);

 

Кичи КТБ: “Азия Молл” СБ (Ч.Айтматов пр., 3).

 

Ушул иш-чаралар шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча кампаниянын жана 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө маалымдоонун алкагында БУУӨПтүн жана Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен бирдикте уюштурулат.

 

 

 

 

Өнөктөштөр