Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 19/03/2021
  • Просмотров: 2509
Атайын мектеп тарбиялануучуларын Нооруз майрамы менен куттуктадык

Нооруз майрамын утурлап Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана ведомстволук бөлүнүштөрү "Инфоком" мамлекеттик ишканасы, "Унаа" мамлекеттик мекемеси жана калкты каттоо департаменти камкорлукка алынган №21 угуусу начар жана керен балдардын жалпы билим берүүчү атайын мектеп-интернатынын тарбиялануучуларын Нооруз майрамы менен куттукташты. Кызматтын төрагасы Акын Мамбеталиев билим берүү мекемесинин муктаждары үчүн 40 000 сомго сертификат тапшырды.

«Сиздердин мектеп ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга үзгүлтүксүз билим жана тарбиялоо берүүдө эң маанилүү. Мугалимдин эмгеги эч качан оңой болгон эмес, а сиздердин учурда эки эсе. Сиздер тарбиялануучуларга турмуштук маанилүү көндүмдөрдү үйрөтүп, билим берүү жана эмгекке тарбиялоо процессинде кемчиликтерди калыбына келтиресиздер» - деп өз сөзүндө А. Мамбеталиев белгиледи.

Мектепте маанилүү даталарда ар кандай театралдаштырылган жалпы мектептик иш чараларды өткөрүү салтка айланган. Майрамдык концерттер окуучулардын жана педагогикалык жамааттын күчү менен даярдалат.

Начар укканына жана ден соолугундагы башка көйгөйлөргө карабастан тарбиялануучулар концерттерди Кыргызстандын улуттук салттарынын духунда даярдашкан.

Атайын мектепте 319 бала билим алып, тарбияланса, алардын ичинен 160 Кыргызстандын аймактарынан келгендине байланыштуу интернатта жашашат.

Угуусу начар жана керен балдарга жалпы билим берүүчү атайын мектеп-интернат республика боюнча угуусу начар өспүрүмдөргө билим жана тарбия берүүчү жалгыз кесиптик мекеме.

Өнөктөштөр