Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 31/03/2021
  • Просмотров: 1855

Учурда Бишкек жана Ош шаарларында калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) иштөө режими боюнча пилоттук долбоорду баштоо маселеси каралууда. Пилот Бишкек жана Ош шаарларынын эки КТБсында жүргүзүлөт. Калкты тейлөө борборлорунун жумуш убактысы кечки саат 22.00гө чейин узартылат.

Жаңы иш графигинде кызмат көрсөтүүчү КТБлору ушул жылдын 10-апрелинде ачылышы пландалган Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу 381 дарегиндеги КТБру, ошондой эле Ош шаарындагы №1 КТБ.

Пилоттук иш Бишкек шаарында ушул жылдын 10-апрелинен 10-июлуна чейин, Ош шаарында 2021-жылдын 1-апрелинен 1-июлуна чейин үч айга созулат.

Пилоттук иштин жыйынтыгы боюнча, долбоордун натыйжалуулугуна талдоо жана мониторинг жүргүзүлөт.

Өнөктөштөр