Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 09/04/2021
  • Просмотров: 1038
Жаңы калкты тейлөө борбору өз конокторун кабыл ала баштады

Борбор калаада «open spase» форматындагы калкты тейлөө борбору ачылды. Калкты тейлөө борбору "Элдорадо" соода борборунун базасында Жибек проспекти - Жолу 381 дарегинде иштеп баштады.

Борбордун ачылыш аземине: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Асел Чынбаева, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев жана шаардын тургундары катышты.

 «Бүгүнкү күндө Калкты тейлөө борборлорунда бардык шарттар түзүлдү, жарандарды документтештирүү процесстери, арыздарды кабыл алуудан баштап, документтерди жасоо жана аларды берүүгө чейин автоматташтырылган. Арыз ээлери керектүү документтерди имараттан чыкпай эле чогултуп, мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн кайрыла алышат», - деп белгиледи Улукбек Марипов.

Жаңы имарат заманбап жабдуулар, ыңгайлуу жумушчу орундары, маалымат берүү аймагы, электрондук кезек жана видео көзөмөл камералары менен жабдылган. Ошондой эле, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шарт, балдар ойноочу жай каралган. Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталынын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу үчүн керектүү жабдуулар орнотулган өзүн-өзү тейлөө зонасы бар.

«Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу кызматтын сапатын жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берди, калкты тейлөө убагы кыскарды, жарандарга ыңгайлуу шарттар түзүлдү, кызмат адамдары менен калктын түз байланыштары автотматташтырылып, коррупциянын деңгээлинин реалдуу төмөндөшүнө алып келди ”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы.

Борбор калаанын Калкты тейлөө борбору пилоттук долбоорго ылайык үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинен 10-июлуна чейин кечки саат 22.00гө чейин жарандарды кабыл ала турган Бишкек шаарындагы биринчи калкты тейлөө борбору.

 «Бул Кыргызстандагы 27-калкты тейлөө борбору. Кызмат алуучулар интернет аркылуу электрондук кезекке туруп, кызмат алуу убактысын өзүнүн   ыңгайлуулугуна жараша пландаштырып КТБна келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ», - деп белгиледи МКК төрагасы Акын Мамбеталиев.

 

 

Өнөктөштөр