Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 14/04/2021
  • Просмотров: 2156
143 тонна түстүү металл сыныктары 11 миллион 920 миң 896 сомго кетти

Бүгүн колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номурларды сатуу боюнча ачык аукциону өттү. Аукцион Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулган.

Аукционго катышуу үчүн эки юридикалык жак кайрылган.  Соодалашуунун жүрүшүндө катышуучулар баалар боюнча 14 сунуш билдиришти.

 «Унаа» мамлекеттик мекемеси 1 кг түстүү металл сыныктарына (алюминий) баштапкы бааны, өзүн-өзү алып кетүүнү эске алуу менен - 65 сом деп белгилеген. Аукциондун жыйынтыгында товардын акыркы баасы - 83 сом 23 тыйын деп аныкталды.

Аукциондун жыйынтыгында колдонулган жана жок кылынган мамлекеттик номурларды 11 920 896 сомго сатып алган аукциондун жеңүүчүсү аныкталды.

Товардын жалпы салмагы 143,280 кг.

«Бүгүн, биринчи жолу коомдук байкоочу кеңештин өкүлдөрүнүн, тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номурларды сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүлдү. Соода-сатык аукционду уюштуруу жана өткөрүү эрежелерине ылайык ачык жана айкын өткөрүлдү. 2018-жылдан бери биздин бөлүмдүн кампаларында 143 тоннадан ашык жокко чыгарылган мамлекеттик номурлар топтолгон.

Жокко чыгарылган мамлекеттик номерлерди мыйзамсыз пайдалануунун алдын алуу максатында, мамлекеттик номурундагы Кыргыз Республикасынын желегинин сүрөтүн механикалык түрдө кесүү жолу менен номер белгисин утилизациялоо жүргүзүлөт.

Аукциондон түшкөн бардык каражаттар мамлекеттик бюджетке которулат», - деп аукциондук комиссиянын төрагасы, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Бакыт Шералиев белгиледи.

Өнөктөштөр