Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 23/04/2021
  • Просмотров: 2008

Коррупциялык тобокелдиктерге жана түшүнбөстүктөргө жол бербөө үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын жаранынын колдонуудагы жалпы жарандык паспортунун документтерин кабыл алуудагы бардык чектөөлөр алынып салынгандыгын билдирет. Бул чектөөлөр Кыргызстанга жаңы биометрикалык паспорттордун киргизилишине байланыштуу убактылуу болду.

Кыргызстандын жаранынын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн документтерди кабыл алуу өлкөнүн бардык калкты тейлөө борборлорунда жана аймактык паспорт бөлүмдөрүндө, ошондой эле республиканын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде жүргүзүлөт.

Үстүбүздөгү жылдын 3-майынан баштап жаңы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык биометрикалык паспортуна документтерди кабыл алуу башталат. Жаңы документтердин киргизилиши эски үлгүдөгү паспорттордун жарактуулугун токтотуу же жокко чыгарууга негиз болбойт.

Өнөктөштөр