Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 10/12/2014
  • Просмотров: 2080

МКК менен Кореянын Кадастр корпорациясынын ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюлду. Тараптар Кыргыз Республикасынын жер каттоо жана кадастр тутумун модернизациялоо жаатында өз ара пайдалуу кызматташуу жөнүндө макулдашты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн Протоколуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А. Шаикованын Кореянын Кадастр корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунун жүрүшүндө кол коюлду. Бул протоколго ылайык, Корея тарап Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин маалыматтык тутумун өркүндөтүү жана техникалык жана кадрдык дараметин өнүктүрүү жаатында көмөк көрсөтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында “Кыргыз Республикасынын жер каттоо жана кадастр тутумун модернизациялоо” долбоору боюнча алдын-ала макулдашууга жетишилди жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү коррупциялык схемаларды жоюуга өбөлгө түзгөн негизги инвестициялык багыттар аныкталды.

Биргелешкен долбоордун алкагында Кыргызстандын жалпы аянтынын кадастрдык индекстелген электрондук карталарын киргизүү менен борбордук деңгээлде бардык кадастрдык жол-жоболорду автоматташтыруу максатында маалымат базаларын башкаруу боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгуу күтүлүүдө.

Бул долбоордо ошондой эле  Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин кызматкерлерин тиешелүү техникалар менен жабдуу, атайын сервердик жабдыктарды сатып алуу, ГИС технологияларын пайдалануу менен атайын программалык камсыздоону иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргызстандын картографиясы боюнча адистери үчүн тренингдерди өткөрүү каралган. 

Өнөктөштөр