2021-жылдын 30-апрелинде техникалык себептерден улам, Бишкек шаары Жибек-Жолу проспектиси 381дарегиндеги 4-КТБ, Ош шаарындагы Ленин көчөсү 318 дарегиндеги 1- КТБ, ошондой эле «Азия-молл» соода көңүл ачуу борборундагы жана ТЭЦтин маңдайында жайгашкан «Глобус» гипер маркетиндеги кичи калкты тейлөө борборлору саат 19:00 жана 22:00 чейин эмес, саат 18: 00 гө чейин гана иштешет.
1, 2-майда аталган даректердеги кичи КТБлору иштебейт. Алардын иши ушул жылдын 4-майында улантылат.
МААЛЫМАТ ҮЧҮН:
Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек жана Ош шаарларындагы эки калкты тейлөө борборунун ишин 22.00гө чейин узартуу боюнча пилоттук долбоорду баштаган. Долбоор ушул жылдын 10-июлуна чейин жүргүзүлөт.
Жарандарга ыңгайлуулугу үчүн Бишкекте эки кичи КТБлору дем алыш күндөрү саат 10: 00дөн 19: 00гө чейин иштешет.