Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 06/05/2021
  • Просмотров: 2441
Жарандарды документтештирүү иштери уланууда

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын Баткен, Лейлек райондорунун жана Сүлүктү шаарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара жаңжалынан жапа чеккен жарандарды документтештирүү иштерин улантышууда.
Алар Баткен шаарында, Көк-Таш жана Максат айылдарында иштеп жатышат. Ал үчүн, көчмө калкты тейлөө борборлору жер-жерлерде жайгаштырылды.
Учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдагы үлгүсүндөгү ID-карта паспортторун даярдоого үчүн 47 арыз, 34 туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, 10 нике күбөлүгүн жана каза болгондугу жөнүндө 7 күбөлүктү калыбына келтирүү боюнча арыздар кабыл алынды.
Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында жашаган үч этникалык кыргыз Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз менен кайрылышты.
Мындан тышкары, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жергиликтүү бөлүмдөрү тарабынан Максат айылындагы башаламандык учурунда айдоочулардын жоголгон документтерин калыбына келтирүү иштери жүргүзүүдө. Учурда12 айдоочулук күбөлүктү жана автоунаалардын каттоо күбөлүктөрүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош жана Баткен аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жабырлануучуларга акысыз юридикалык консультацияларды да көрсөтүп жатышат.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram 

 

Өнөктөштөр