Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 06/05/2021
  • Просмотров: 2430
МКК Кыргыз Республикасынын биометрикалык паспортун каттоо үчүн 5000ден ашуун арызды кабыл алды.

3-майдан баштап калкты тейлөө борборлорунда Кыргыз Республикасынын жаранынын биометрикалык паспортун алуу үчүн документтерди кабыл ала баштады.

Эки күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортко (e-Паспорт) - 5145 арыздын бланктары кабыл алынып жана катталды.

Кыргыз Республикасынын жаранынын биометрикалык паспортун персонификациялоо процесси анкета толтурулган күндөн тартып 18 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Биометрикалык паспортту кадимки баасы 885 сомду түзөт, жарандын жеке маалыматтары өзгөргөн учурларда кымбатыраак.

Учурда е-Паспортту акы төлөнүүчү негизде тез арада өндүрүү мүмкүнчүлүгү жок. Жаңы паспортторду шашылыш каттоо кызматын ушул жылдын май айынын аягында баштоо пландалууда.

Бирок Кыргызстандын чегинен чыгууга муктаж болгон жана шашылыш чет элдик паспортко муктаж болгон жарандар 2006-жылкы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн кайрыла алышат.

Жаңы документтин пайда болушу эски паспорттун жараксыз болуп калышына себеп болбойт.

Жалпы жарандык паспортту каттоого жана даярдоого документтерди кабыл алуу Мамлекеттик каттоо кызматынын каалаган аймактык бөлүмдөрүндө жана/же калкты тейлөө борборлорунда арыз ээсинин жеке өзүнүн катышуусу менен жашаган же убактылуу болгон жерине карабастан жүргүзүлөт.

 

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram

 

Өнөктөштөр