Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 19/05/2021
  • Просмотров: 2358
Максат тургундары жаңы документтерди алды

Баткен облусунда чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтирүү иштери уланууда.

МККнын калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Максат айылындагы жаңжал учурунда жоголгон ID паспортторду даярдоого 27 арыз кабыл алышты. Бүгүн алардын 18и, ошондой эле 38 туулгандыгы жөнүндө жана 6 нике күбөлүгү берилген.

Мындан тышкары жалпы жарандык паспортторду даярдоого 5 арыз кабыл алынды. Аларга жаңы биометрикалык паспорттор даяр болушу менен берилет.

Документтерди Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов жана айыл башчысы Максат Кубатбек Нышанов расмий тапшырышты.

Кыргыз-тажик жаңжалы учурунда жапа чеккен жарандар үчүн бардык документтер МККнын кызматкерлеринин эсебинен акысыз даярдалат.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram

 

Өнөктөштөр