Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 24/05/2021
  • Просмотров: 1850
Калкты сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик тейлөө көрсөтүү менен камсыздоо маанилүү

Министрлер Кабинетинин маанилүү милдеттеринин бири – калкка сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Ош облусунун  Ноокат районундагы заманбап Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземинде билдирди. 

«Калкты тейлөө борборунда бардык шарттар түзүлүп, жарандарды документтештирүүнүн процесси арыз кабыл алуудан баштап, документти даярдоо жана берүүгө чейин автоматташтырылган. Арыз берүүчүлөр имараттан чыкпай туруп, тийиштүү документтерди чогулта алат. Сунушталып жаткан мамлекеттик тейлөө көрсөтүү сапатын жогорулатуу, жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча милдеттер акырындык менен ишке ашырылууда.

Бул сыяктуу тейлөө борборлору бүтүндөй өлкө боюнча ачылууда», - деп белгиледи ал.

Андан соң Улукбек Марипов жаңы Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышып, кардарлар менен баарлашты. 

Маалымдама: Калкты тейлөө борбору заманбап жабдуулар, ынгайлуу жумушчу орундар, маалымат алуу зонасы менен камсыздалган, электрондук кезек жана видеокөзөмөл камералары орнотулган.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар каралып, эне жана бала бөлмөсү, өзүн-өзү тейлөө зонасы каралган, анда порталдын мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдаланууга шарттар бар.

Калкты сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик тейлөө көрсөтүү менен камсыздоо маанилүү

Өнөктөштөр