Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 28/05/2021
  • Просмотров: 1689
Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата МКК жаңы төрөлгөн ымыркайларды салтанаттуу каттоо салтын жаңылады

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата МКК жаңы төрөлгөн ымыркайларды салтанаттуу каттоо салтын жаңылады

 
Бүгүн шаардык №4 перинаталдык борбордо Кыргызстандын жаңы кичинекей жарандарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тапшыруу аземи болуп өттү. Төрт жаш үй-бүлө салтанаттуу кырдаалда баланын биринчи документин алышты.

Салтанат МККнын төрагасынын м.а. З. Карыбеков, Калкты каттоо департаментинин директорунун орун басары Г. Аманова, №4 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Ж. Марипова, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ата-энелери жана жакындары катышуусунда өттү.

Майрамдык маанайда ымыркайлардын аталарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк, апаларына белектер жана гүлдөр тапшырылды.

«Эл аралык балдарды коргоо күнүн белгилөө алдында биз жаңы төрөлгөн ымыркайды салтанаттуу каттоо салтын жаңылоону чечтик.
Үй-бүлөңүзгө чоң бакыт келди - бала төрөлдү. Бул ар бир үй-бүлө үчүн маанилүү окуя, анткени үй-бүлөңүздө жаңы жашоо, жаңы статус пайда болду.
Балдар чоң, олуттуу бакыт. Алар бизди боорукер жана күчтүү кылат, анткени бул биздин келечегибиз гана эмес, биздин учурубуз дагы», - МККнын төрагасынын м.а. З.Карыбеков деди.

Бул жарандык абалдын актыларын салтанаттуу түрдө каттоо - акысыз кызмат. Документтин баасы үчүн гана төлөшүңүз керек болот, ал - 56 сом.

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы төрөлгөн ымыркайды салтанаттуу каттоо салтын жаңыдан улантууда. Ата-энелер ушул кызматты колдонуп, баланын туулгандыгын каттоого байланыштуу салтанаттуу иш-чараны каалаган калкты тейлөө борборунда же Бакыт өргөсүндө өткөргөндө калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери ымыркайдын төрөлгөндүгү жөнүндө актты каттайт.


Ата-энелер жашаган жана катталган жерине карабастан каалаган КТБго кайрыла алышат, анткени 2020-жылы күчүнө кирген КРнын "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамы арыз ээсинин каалаган жарандык абалдын актыларын каттоо органына кайрылуу укугун камсыз кылат. Бул эреже жарандарга көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет.

Өнөктөштөр