Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 31/05/2021
  • Просмотров: 1603
МКК кызматкерлеринин эсебинен Баткен облусундагы чек ара жаңжалы учурунда жапа чеккен жарандарды акысыз документтештирүүнү улантууда.

МКК кызматкерлеринин эсебинен Баткен облусундагы чек ара жаңжалы учурунда жапа чеккен жарандарды акысыз документтештирүүнү улантууда.

Бүгүнкү күндө жоголгон же жок кылынган жеке документтер боюнча жалпы 248 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 173 документ тапшырылган.

Баткендик мекендештерибизтен эң көп eID-карталарын калыбына келтирүү үчүн арыз кабыл алынды - 102 адам, жарымысы ээлерине тапшырылды.

72 туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, 14 - никелешүү тууралуу, 11 - өлүм жөнүндө, 1 - ажырашуу жөнүндө, 9 - транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө, 19 - айдоочулук күбөлүктү калыбына келтирүү боюнча арыздануучу болгон. Алардын баары документтерди колуна алышты.

Бирок жалпы жарандык паспортту калыбына келтирүү үчүн кайрылган 19 жаран дагы эле күтүп жатышат, анткени норма боюнча ЖЖПтун жасоо мөөнөтү 18 күн.

Калкты сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик кызматтар менен камсыз кылуу максатында Ош облусунун Ноокат районунда, Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай районундорунда жаңы калкты тейлөө борборлору иштей баштады. Ошондой эле Баткен шаардык КТБнда жарандар үчүн тейлөө кызматтарынын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында иш процесстери кайрадан форматталды.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram

 

Өнөктөштөр