Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 31/05/2021
  • Просмотров: 1760

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун тез арада бере баштады

Ушул жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын биометрикалык паспортторун каттоого документтерди кабыл алуу башталды. 27-майда кыргызстандыктар паспортторун ала башташты. Кыргыз Республикасынын жаңы биометрикалык паспортунун алгачкы расмий алуучулары жаш шахматчы, Азиянын үч жолку чемпиону жана көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү Айжан Сездбекова жана балдар арасындагы эки жолку чемпион Эмир Шаршенбеков болушту.

Бүгүн, 31-майдан баштап жарандар Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун тез арада алууга мүмкүнчүлүк ачылды.

Шашылыш режимде 2020-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун үч саат, 2 күн, 4 күн жана 8 күндүн ичинде алууга болот. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы айырмаланат.
2020-жылдын үлгүсүндөгү 34 барактуу Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун баасы:
8 күн - банктын комиссиясы менен 2300 сом.
4 күн - банктын комиссиясы менен 2665 сом.
2 күн - банктын комиссиясы менен 3010 сом.
3 саат - банктын комиссиясы менен 6475 сом.

Атын жана улутун өзгөрткөндө:

8 күн - банктын комиссиясы менен 2400 сом.
4 күн - банктын комиссиясы менен 2765 сом.
2 күн - банктын комиссиясы менен 3110 сом.
3 саат - банктын комиссиясы менен 6575 сом.
Мамлекеттик алымды төлөгөндүктөн, бул кызмат 100 сомго кымбаттады.

Жоголгон жана жараксыз Кыргыз Республикасынын паспортун алмаштыруу
8 күн - банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 2500 сом.
4 күн - банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 2865 сом.
2 күн - банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 3210 сом.
3 саат - банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 6675 сом.


МААЛЫМАТ:
Жаңы муундагы паспорт Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына жооп берет. Аны 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери коргойт, когнитивдик басып чыгаруу жана басмалар, суу белгилери, голограммалар, коргоочу жиптер, заманбап материалдар колдонулган. Лазердик технологиянын ыкмасы менен колдонулган жеке маалыматтары бар электрондук чип (түстүү фотосүрөт, эки колдун папиллярдык оюмдарынын графикалык түзүлүшү) паспорттун негизги коргоосу болуп саналат.

Документтерди каттоо жана КРнын биометрикалык паспортторун берүү жашаган жерине карабастан каалаган калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт. Өндүрүү убактысы - 18 иш күнү. Паспорт 10 жылга жарактуу. Паспорттун баасы 885 сомду түзөт.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram

 

Өнөктөштөр