Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 03/06/2021
  • Просмотров: 9045
Бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдет аткаруучусу Залкарбек Карыбеков социалдык тармактардагы арыздарга байланыштуу

Бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдет аткаруучусу Залкарбек Карыбеков социалдык тармактардагы арыздарга байланыштуу бир катар борбордук калкты тейлөө борборлорун текшерип чыкты.

«Бүгүн мен кардар катары биздин КТБлорго барууну чечтим. Ал борборлордо бардыгы биз каалагандай эмес. Күтүлбөгөн жерден кырдаал менен таанышууну – эң натыйжалуу жолу экендигин дагы бир жолу түшүндүм», - деди З.Карыбеков текшерүү учурунда.

Текшерүүнүн негизги максаты – калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, калкты тейлөө борборунун кадрдык потенциалын жогорулатуу жана КТБ кызматкерлеринин жарандар менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүсү.

Акыркы мезгилде Бишкектеги КТБлорунда узун кезектер тенденциясы байкалууда. Кезек күтүүлөрдүн негизги себептеринин бири болуп, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жаңы биометрикалык жарандык паспортторуна документтерди кабыл алуу, ошондой эле өргүү мезгилинин башталышы менен байланыштуу. Калкты тейлөө борборлорунун бардык кызматкерлери кадимки режимде иштешет, ден-соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандардан тышкары.

Борбор калаадагы КТБлорундагы узун кезектердин дагы бир себеби - жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо боюнча аймактык башкармалыктарда шарттын жана электрондук кезектердин жоктугу, ыңгайсыздык. КТБунда шарттар түзүлгөн - күтүү залы, электрондук кезек, касса, нотариус, кондиционер тутуму. Коңшу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынан жарандар шаардык калкты тейлөө борборлоруна кайрылышат, анткени ал жерде шарттар түзүлүп, тезирээк жана натыйжалуу кызмат кылат.

«Менин мониторингиме ылайык жана жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн калкты тейлөө борборлорунун иштөө графигин өзгөртүүнү чечтик. Эртең менен жумуштун көлөмүн азайтуу үчүн кабыл алуу аянтын бекемдөөнү пландап жатабыз», - деп текшерүүнүн жыйынтыгында МККнын төрагасынын м.а. Залкарбек Карыбеков комментарий берди.

Кыргыз Республикасынын жаңы биометрикалык жалпы жарандык паспортун кабыл алуу ушул жылдын 3-майында башталды. Арыздарды кабыл ала баштаган учурдан баштап, жарандар массалык түрдө КТБлоруна кайрыла башташты. 50 миңге жакын арыз ээлери 4 айдан бери ЖЖП алуу мүмкүнчүлүгү жок болуп жүргөн.

КТБлорунун иш тартиби күндүзгү сааттардын узактыгына жараша жай мезгилине гана өзгөрөт. Ушул жылдын 4-июнунан 31-августуна чейин КТБлор 8:00дөн 19:00гө чейин иштешет.

2020-жылдын ноябрь айында күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамына ылайык жарандар жашаган же катталган жерине карабастан, жарандык абалдын актыларын каттоо үчүн каалаган КТБго же ЖААК бөлүмүнө кайрыла алышат.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram

 

Өнөктөштөр