Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 08/06/2021
  • Просмотров: 9095
Нарын областынын Жумгал районунун жашоочуларынын эсине!

2021-жылдын 8, 9, 10 жана 11-июнунда Нарын облусунун Жумгал районунда электр энергиясын өчүрүлүүсүнө байланыштуу Жумгал райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүндө жана «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Нарын региондук бөлүмүнүн Жумгал секторунда калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, транспорт каражаттарын каттоо, курсанттарды тестирлөө мамлекеттик кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болбойт.

Ошондой эле учурда, жогоруда көрсөтүлгөн бөлүмдүн жана сектордун кызматкерлери жумуш графигине ылайык жумуш орундарында болушат жана жарандарга документтештирүү маселелери боюнча консультация беришет.

Ал эми мурда кабыл алынган табыштамалар боюнча паспорттор жана айдоочулук күбөлүктөр графикке ылайык берилет.

Өнөктөштөр