Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 09/06/2021
  • Просмотров: 10993
1-июндан 9-июнга чейин 10 миңге жакын автоунаа кайра каттоодон өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда Кыргызстанда транспорт каражаттарын кайра каттоо боюнча улуттук кампания башталган. Акция башталгандан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын алдандагы «Унаа» Мамлекеттик мекемеси 9785 автомашиналарды кайра каттоолорду өткөргөн.

31-декабрга чейин жарандарда автоунааны арзан кайра каттатуу мүмкүнчүлүгү бар. Унааны кайра каттоонун баасы, унаанын чыккан жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө карабастан, 1 миң 360 сомду түзөт. Эгерде жаңы номер албаса, анда автоунааны кайра каттоонун  баасы - 460 сомго чейин төмөндөйт.

Транспорт каражаттарын сатып  алып же сатып жатсаңыз унааңызды «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүнөн кайра каттоону сунуштайбыз.

Транспорт каражаттарын ишеним кат менен сатуу же сатып алуу ээси үчүн төмөнкүдөй терс кесепеттерге ээ:

- менчик ээси транспорт каражаты үчүн салыкты төлөбөгөндүгү жана «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптар үчүн жоопкерчилик тартат;

- транспорт каражатынын катышуусу менен кылмыш же жол-эрежеси бузулган учурда унаанын расмий ээси да жоопкерчилик тартышы мүмкүн;

- ишеним кат менен унаа алсаңыз, аны ишеним каттын негизинде өз атыңызга түз каттата албайсыз;

- расмий ээси каза болгон учурда ишеним кат өзүнүн күчүн жоготот жана мурастоодо көйгөй жаралышы мүмкүн.

Республика боюнча «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин 26 аймактык бөлүмү иштейт. Унаа ээлери  катталган жерине карабастан каалаган аймактык бөлүмгө кайрыла алышат.

 

Өнөктөштөр