Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 07/07/2021
  • Просмотров: 10540
Коопсуз шаар»: жол кырсыктарынын динамикасы Бишкекте 52% га жана Чүй облусунда 70% га төмөндөдү

«Акылдуу шаар» долбоорунун биринчи компоненти «Коопсуз шаар» фазасын ишке ашыруунун жыйынтыгында Кыргызстандын борборунда жол кырсыктарынын динамикасы 52% га, Чүй облусунда 70% га төмөндөдү. Долбоор 2019-жылдын март айында ишке киргизилген, азыр Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жатат.

Эске салсак, долбоордун негизги максаты - бул жолдордо жол кыймылынын эрежелерин бузууну жана авариялык кырдаалдарды азайтуу жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн сөзсүз жазанын колдонулушун камсыз кылуу.

Бугүнкү күндө борбор калаанын көчөлөрүнүн 38 кесилишинде жана 4 жол көпүрөлөрүндө видеокөзөмөл камералары орнотулган. Чүй облусунун 48 жолдорунда ылдамдык режимин бузулушун көзөмөлдөгөн камералар коюлду. 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстер КР ИИМ ЖКККББнын жайгаштыруу картасына ылайык борбор калаанын жана Чүй облусунун жолдоруна көзөмөл жүргүзөт.

 «Коопсуз шаар» долбоорунун катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү регламенти иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктрүү министрлиги долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат, АК «Концерн радиостроения «Вега» долбоордун техникалык оператору, ал аппараттык-программалык комплекстерди техникалык жактан камсыз кылат. Министрликтин алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо, каттоо, жол эрежесин бузуулар жөнүндө токтомдорду, айып пулду төлөө үчүн кодду түзүү боюнча автоматташтырылган маалыматтык системасынын техникалык оператору болуп саналат. Кыргыз Республикасынын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кыймылынын эрежелерин бузуулары тууралуу маалыматтарды текшерет,  бузуулар тууралуу токтомдорго электрондук кол тамгасы менен кол коет, бузуулары тууралуу токтомдорду басып чыгарат жана конверттерге салат.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd Кытай ишканасы ишке ашырат. Долбоор форс-мажордук жагдайларга байланыштуу 10-март 2022-жылга чейин узартылды.

Долбоор боюнча аппараттык-программалык комплекстер 306 түйүндү — 266 туруктуу жана 40 көчмө түйүндү камтууну пландаштырууда.

Долбоордун экинчи этабы республиканын бардык облустарын, республикалык маанидеги 2 шаарын жана 15 облустук маанидеги шаарларды, 73 калктуу конушту камтыйт.

Өнөктөштөр