Жарыяланган 16/01/2015
МККнын алдындагы “Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борбору” мамлекеттик мекемесинин (“МКАБ” ММ) директорунун м.а. Р.Т. Кубанычбековдун маалыматы боюнча, 2015-жылдын 13-январында өзгөчө комбинациялуу цифралары бар мамлекеттик каттоо номер белгилерин сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүлгөн.
Өзгөчө комбинациялуу цифралары бар мамлекеттик каттоо номер белгилерин сатып алуу үчүн аукционго 2 катышуучу тапшырык берген. Аукцион белгиленген тартипте өткөн. Кийинки күнү, 2015-жылдын 14-январында, протоколдордун негизинде жана РСК банктын кассасына төлөнгөндөн кийин жеңүүчүлөргө сертификаттарды берүү улантылган.
“МКАБ” ММнин кармалган кызматкери өзгөчө комбинациялуу цифралары бар мамлекеттик каттоо номер белгилерине электрондук мониторинг жүргүзүүнү камсыздаган мекеменин IT-адиси болуп эсептелет жана комиссиянын курамына кирбейт.