Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 19/01/2015
  • Просмотров: 2237
МКК Дарек регистринин экинчи этабын ишке ашыра баштады

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда номери жок 637 миң 945  кыймылсыз мүлк бирдиги бар.

Учурда Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин аймактык органдары республиканын калктуу түйүндөрүндөгү кыймылсыз мүлк обьекттерин тактоо жана почта номерлерин  ыйгаруу иштерин жүргүзүп жатышат.

Мындай иштерди жүргүзүү МККнын “Дарек регистри” - darek.kg долбоорунун экинчи этабы болуп саналат, республикада номери жок обьекттер өтө көп болгондуктан, долбоордо маалымат базасындагы обьекттерди тутумдаштыруу жана эсепке алуу үчүн кыймылсыз мүлк обьекттерин номерлөө каралган.

Иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө. Кадастр департаментинин 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 134 буйругу менен төмөнкү документтер бекитилди:

- Дарек регистрин түзүүнүн экинчи этабынын иштерин жүргүзүүнүн тартиби;

- Кыймылсыз мүлк обьекттерине почта номерлерин ыйгаруунун эрежелери;

- Дарек регистрин түзүү боюнча иш-чараларды уюштуруу боюнча жооптуу кызмат адамдарынын тизмеси;    

- ЕНИ АСР коддорун өзгөртүү боюнча нускама;

- Отчеттордун генераторунун жардамы менен маалыматтарды жүктөө боюнча нускама.   

Кыймылсыз мүлк обьекттери жөнүндө толук кандуу маалымат базасын түзүү КР Калкынын бирдиктүү мамлекеттик регистрин түзүү боюнча программага киргизилген.  Келечекте мындай база жашаган жери боюнча шайлоочулардын даректерин жана шайлоочулардын тизмесин так аныктоого шарт түзөт. База ошондой эле шайлоо тутумун өркүндөтүү жана таза, ачык шайлоо өткөрүү үчүн түзүлөт.

Дарек регистри – бул кыймылсыз мүлк обьекттеринин даректери жөнүндө маалыматтардын базасы.

Кыргызстандын ар бир жашоочусу “Кыргыз Республикасынын дарек регистри” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун жардамы менен Интернет-портал аркылуу он-лайн режиминде  өзүнүн көчөсү жөнүндө толук жана актуалдуу маалыматтарды ала алат. Өлкөдөгү көчөлөрдүн жалпы саны 30 миңди түзөт.

Мындан ары маалыматтык технологияларды пайдалануу даректер жана обьекттер жөнүндө маалыматты обьекттин жайгашкан ордун визуалдаштыруу мүмкүнчүлүгү менен географиялык маалыматтарга байлоого шарт түзөт.  www.darek.kg порталы – Кыргызстан үчүн революциялык кадам, ал Кыргызстандын  бардык мамлекеттик органдары, юридикалык жана жеке жактары  үчүн дарек маалыматтары киргизиле турган бирдиктүү булак катарында кызмат кылмакчы. 

Өнөктөштөр