Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 23/09/2014
  • Просмотров: 3374

«Жарандардын биометрикалык катталышы» темасындагы тегерек столдун ишине Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина катышып жатат, ал  Калктын бирдиктүү мамлекеттик регистрин (КБМР) Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарынын негизинде ишке киргизүүнүн укуктук базасын түшүндүрүп берди.

Парламентарий төмөнкүлөрдү белгилеп кетти: “Ортодо калып калуу пайызы каалагандай иште болот, бирок Кыргызстандын калкынын биометрикалык каттоосу учурунда олуттуу эле төмөн. Кыргыз Республикасынын жарандары өз учурунда биометрикалык маалыматтарын бергени абдан маанилүү, ошондо БШК таза жана ачык шайлоо өткөрүүдө так методиканы иштеп чыга алат. Азыркы күнгө карата өтө чоң көйгөй маселе миграциялык агымдын жогору болушуна байланыштуу шайлоочулардын тизмесин түзүүдө турат”.

Г. Скрипкинанын айтуусу боюнча бүгүн Кыргызстандын миллионго жакын жараны Россия Федерациясында турушат, ушуга байланыштуу Россиянын миграциялык кызматы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында турушкан жарандарынын биометрикалык маалыматтарын берүүгө даяр экен.

Өнөктөштөр