Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 26/08/2014
  • Просмотров: 3035

Эртең, 27-августта Бакыт Өргөөсүндө жана Бишкек шаардык ЖААКнын Октябрь бөлүмүндө «Жарандык абалдын актыларын каттоо» («ЖААК») автоматташтырылган маалыматтык системасы эксплуатациялоого пилоттук программанын  алкактарында киргизилүүдө.

Пилоттук сынап көрүүнү ушул жылдын 30-сентябрына чейин жүргүзүүнү пландаштырышууда. Республика боюнча «ЖААК» автоматташтырылган системасы 2014-жылдын 1-ноябрында башталат. «ЖААК» системасын ишке киргизүү процессинде ЖААКтын республиканын бүткүл аймагы боюнча таркатылган 60 райондук бөлүмдөрүндө автоматташтырылат.

Ушул системада жарандарды каттоо уникалдуу персоналдык идентификациялык номерлер – ПИН боюнча жүргүзүлөт, алар республиканын бардык жарандарына ыйгарылат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ортосунда өз ара ведомство аралык маалымат алмашуу тууралуу макулдашууга кол коюлган.

Системада республиканын ЖААК бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан  жарандык абалдын актыларынын бардык түрлөрүн каттоо боюнча аткарылып жаткан бардык функциялары автоматташтырылат, бул кагаз менен алышууну олуттуу кыскартууга, кол эмгегинин минималдаштырылышына, жарандарды тейлөө мөөнөтүнүн кыскарышына, жарандык абалдын актыларын каттоо учурунда маалыматтардагы кетириле турган каталардын санын азайтууга, жарандарды тейлөөнүн сапатын жакшыртууга алып келет. Документтерди тариздетүү жол-жоболору боюнча натыйжалуу көзөмөлдүк камсыздалат.

“ЖААК” системасынын тесттик жана орнотулуу иштеринин аякташы менен республиканын ЖААК бөлүмдөрүнүн адистерин квалификациялык окутуу жана тестирлөө жүргүзүлөт.

“ЖААК” автоматташтырылган маалыматтык системасы келечектеги Кыргыз Республикасынын Калкынын бирдиктүү мамлекеттик регистринин негизи болуп саналат, республиканын кызыкчылыгы бар маморгандарынын жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө персоналдык маалыматтарды алууга карата биргелешкен кирүүсүн камсыздоого, ЖААК органдарынын структуралык түзүлүштөрүнүн ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенишүү мүмкүндүгүнө, ошондой эле  “on-line” ыргагында калкты каттоонун бардык түрлөрүн эсепке алууга камсыздоого арналган.

“ЖААК” автоматташтырылган маалыматтык системасы WEB-тиркеменин негизинде заманбап IT-технологияларды колдонуу менен иш жүзүнө ашырылууда. Программалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын адистери тарабынан иштелип чыккан.

“ЖААК” системасынын тесттик жана орнотулуу иштеринин аякташы менен республиканын ЖААК бөлүмдөрүнүн адистерин квалификациялык окутуу жана тестирлөө жүргүзүлөт.

Өнөктөштөр