Жарыяланган 20/08/2014
Үстүбүздөгү жылдын июль айында КРнын Өкмөтүнө караштуу МККнын call-борборуна кыргызстандыктардан 200дөн ашуун чалуулар түшкөн. Бардык суроолорго жооптор жана түшүндүрүүлөр берилген. Суроолор, негизинен, паспортторду (чет мамлекетке чыгуу паспортун жана ички паспортту) берүү процессине жана жашы жете электер үчүн паспортторду алууга байланыштуу болгон.
2014-жылдын 1-августунан тартып 20-августуна чейин КРнын Өкмөтүнө караштуу МККнын call-борборуна 175 чалуу түшкөн.
Call-борбор 2012-жылы күнү-түнү иштөө ыргагында акысыз негизде калктан түшкөн чалууларды тейлөө үчүн уюштурулган. Call-борбордун операторлору кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү биринчилик сурап-билүү маалыматын сунушташат.
Call-борбордун телефону: 87-33-33