Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 11/07/2014
  • Просмотров: 3321

Биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн жабдууларды жана программалык камсыздоонун ташып жеткирүүчүлөрүн тандоо боюнча ведомство аралык тендердик комиссия биринчи турдун жыйынтыктары боюнча тендердин экинчи туруна катышууга 7 компанияны киргизди.

11-июлда ведомство аралык тендердик комиссиянын төрагасы Бакыт Секимов билдиргендей тендердин жүрүшүндө экинчи турга төмөнкү компаниялар өткөн: «Интерактив» (Монголия), «Гизеке жана Девриент» (Германия), «Мюльбауер» (Германия), «Гемальто» (Франция), «Морфо» (Франция), «Обертюрь» (Франция), «Смартматик» (Нидерланды). Мурдараак  биометрикалык маалыматтарды топтоо жана программалык камсыздоо үчүн жабдууларды сатып алуу боюнча эки баскычтуу соода тооруктары жарыяланган. 4-июнда ал Мамсатып алуулар порталында жана ММКларда жайгаштырылган. «4-июлда тендердик билдирмелерди ачуу болуп өттү. Мамсатып алуулар сайтынан материалды 45ке жакын компания көчүрүп алган, бирок тендердик документтерди комиссияга 14 компания тапшырышкан.

Техникалык чечилиштерге жана программалык камсыздоого баа берүү үчүн ведомство аралык тендердик комиссия менен катар, ташып жеткирүүчүлөрдүн техникалык чечилиштерине баа берүү үчүн эксперттик топ дагы түзүлгөн. Эксперттик топтун курамына УКМКнын, Ички иштер министрлигинин, БШКнын өкүлдөрү, IT-адистер, жарандык коомдун өкүлдөрү – бардыгы болуп 11 адам кирген», – деп айтты Б.Секимов. Тендердик комиссиянын  иши эки топко бөлүштүрүлгөн: техникалык топ программалык камсыздоонун жана жабдуулардын техникалык документтерине баа беришкен, негизги тендерди комиссия тендердик документациянын шайкештигине – иш тажрыйбасына, компаниянын каржылык абалына жана компания тууралуу пикирлерге, ал мурун кайсыл жакта ушуга окшош долбоорлорду жүзөгө ашыргандыгына баа беришкен.
(Булагы: "Акипресс" МАсы)

 

Өнөктөштөр