Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 10/07/2014
  • Просмотров: 3497

Бишкек шаарынын Ленин районунун паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмүнүн кызматкерлеринин жамааттык даттануусунда келтирилген фактыларды аныктоо жана тактоо үчүн МККнын 2014-жылдын 10-июлундагы №118 тескемеси менен ушул эле бөлүмдүн башкы адиси Ф.Т.нын үстүнөн КРнын «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесине ылайык кызматтык териштирүү дайындалган.  Кызматкер Ф.Т.ны Бишкек ш. Ленин районунун ПВКИБнын жетекчилиги боюнча, МККга караштуу  Калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаментинин директору Д. Сатыбалдиевдин буйругу мененкөзөмөл жүргүзүү жана милдеттерин аткарууга жооптуу кылып мыйзамсыз дайындоо  факты аныкталган.

Ошентип, Д.Сатыбалдиев кызматтык милдеттеринен ашып түшүп өз компетенциясынын алкагынан чыгып кеткен, анткени мындай чечимдер МККнын Төрайымынын прерогативасы болуп саналат. Белгилей кетүү керек, мурдараак  Ленин райондук соту тарабынан Ф.Т.га карата КРнын Кылмыш кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүндө (кызмат адамынын пара алышы) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айыпталуучу катары кылмыш иши каралган. Сот тарабынан териштирүүнүн жүрүшүндө 313-берененин 1-бөлүгү КРнын КЖКсынын 225-беренесине кайра квалификацияланган – кызмат адамы болуп саналбаган кызматкер тарабынан алдын ала мыйзамсыз олуттуу өлчөмдөрдө ал адамды сатып алып жаткан адамдын кызыкчылыгында  белгилүү аракетти аткаруу же аткарбай коюу, аны кызматкер кызматтык абалын пайдалануу менен жасоого милдеттүү болгон же жасаган.

Алсак, КР КЖКнын реабилитациялабай турган болуп саналган 66-беренесине ылайык, сот кылмыш ишин токтотуу жана Ф.Т.ны кайра тарбиялоо жана оңдоо үчүн эмгек коллективине берүү тууралуу токтом чыгарган. Азыркы учурда, Ф.Т. МККга караштуу  Калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаментинин Бишкек шаарынын Ленин районунун паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмүнүн башкы адиси кызматынан убактылуу, кызматтык териштирүү жүргүзүү мезгилине карата, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамынын 42-беренесинин 2-пунктуна ылайык четтетилген.

 

Өнөктөштөр