Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 09/07/2014
  • Просмотров: 3508

2014-жылдын 10-11-июль күндөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Компетенция борборун түзүү демилгесин иш жүзүнө ашыруунун алкактарында, мамлекеттик маанидеги корголгон документтерге жана аларды колдонууга арналган семинар болуп өтөт. МККнын кызматкерлерин ошондой эле жасалма документтерди айырмалай билүүгө жана кагаздардын коргонуу элементтеринин төрлөрүнө окутушат. Семинарды  «Де Ля Ру» компаниясынын улук техникалык кеңешчиси мырза Антони Дин жана химия илимдеринин доктору Марк Дикс окутушат. Семинардын жүрүшүндө  төмөнкү темалар боюнча бетачарлар өткөрүлөт: Жасалма документтер – инсанды индентификациялооунн жасалма документтери, жасалмалоонун негизги түрлөрүнө баяндама жана алардын алдын алуу ыкмалары.

Инсанды идентификациялоо документтери – маңызы, документтердин типтери, стандарттары жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн тажрыйбалары, колдонулуучу коргоолордун түрлөрү. Корголгон документтердин маңызы жана өндүрүүнүн технологиялык процесстери – коргоо жибин өндүрүү, кагазды өндүрүүнүн принциптери, кагаздын коргоо элементтери, басуунун түрлөрү жана ыкмалары. Окутуу программасы Улуу Британиянын Миграция кызматынын адистери даярдоо программасынын үлгүсүндө түзүлгөн. Белгилей кетели, "Де Ля Ру" англис компаниясы Кыргызстанга паспортторду даярдоо үчүн чыгашалануучу материалды жеткиришет.

 

Өнөктөштөр