Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 03/07/2014
  • Просмотров: 3081

2014-жылдын июль айында жарандардын биометрикалык маалыматтарын каттоо боюнча улуттук компания үчүн каттоонун аймактык жана борбордук пункттары боюнча жабдуулардын 910 бирдиги бөлүштүрүлө тургандыгын Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрайымынын орун басары Элдияр Убалиев Бишкектеги пресс-сессиянын маалында  билдирди. «Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү боюнча аракеттерди иш жүзүнө ашыруу планына ылайык, 2014-жылдын май айында КБМР планы бекитилген, каржылоо булактары аныкталган, июнда тиешелүү мыйзам кабыл алынган, бул айда болсо биз жабдууларды берүүчүлөрдү аныктоо жана маалыматтарыд топтоо пункттарын жабдууну пландаштырып жатабыз», - деп билдирди Э.Убалиев.
Анын айтуусу боюнча, жарандардын биометрикалык маалыматтарын каттоо боюнча улуттук компания үчүн ичине компьютер, 10 манжанын тактарын алуу үчүн оптикалуу сканер, веб-камера жана экран, кол тамгасын коюу үчүн планшет жана чектерди басып чыгаруу түзүлүшүн (термопринтер) камтыган жабдуунун 910 бирдиги сатылып алынмакчы.
«Жабдуулар аймактарда жашашкан калктын жыштыгы боюнча бөлүштүрүлмөкчү: Бишкекте 140 жабдуу бирдиги, Ошто – 44, Чүй областында – 130, Ош областында – 190, Жалал-Абад – 177. Таласс – 38, нарын – 44, Ысык-Көл - 72», – деп түшүндүрдү ал.
Э.Убалиев, августка мобилдүү топторду жана маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун түзүү пландаштырылганын, ал эми октябрда Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча процесстердин сынак  ишке киргизилиши күтүлүп жатканын белгиледи.
 (Булагы: "Акипресс" МАсы)

 

Өнөктөштөр