Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 03/07/2014
  • Просмотров: 3329

Үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда саат 17:00дө МККга караштуу Архив агенттинин конференц-залында “КМБРди ишке киргизүү жана калктын биометрикалык маалыматтарын топтоо” темасындагы пресс-сессия өткөрүлмөкчү.

Пресс-сессиянын алкактарында КМБРдин жана биометрикалык маалыматтардын маанилери, аларды ишке киргизүүнүн максаттары жана артыкчылыктары КБМРди жана биометрикалык маалыматтарды улуттук коопсуздук, персоналдык маалыматтарды коргоо жана аларды пайдалануу тартиби, мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу, кылмыштуулукту аныктоо жана кыскартуу, шайлоо укугун коргоо жана Кыргызстанда шайлоолорду жүргүзүү тармактарында  колдонуунун андан арык келечеги, ошондой эле ведомство аралык маалыматтык өз ара аракеттенишүү маселелери каралмакчы. Спикерлер катары пресс-сессияда чыгып сүйлөөчүлөр: МКК төрайымынын орун басары Э.Убалиев, Д.Догоев, ошондой эле МККнын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик мекемесинин адистери. Алар журналисттердин каалагандай суроолоруна жооп берүүгө даяр.

Пресс-сессия төмөнкү дарек боюнча өтмөкчү: Токтогул көч., 105 (Орозбеков көч менен кес.) МККнын алдындагы Архив агенттигинин конференц-залы.
Өзүңүздүн катышууңуз тууралуу 455155, 0557313737 телефондору боюнча тактооңузду өтүнөбүз.

 

Өнөктөштөр