Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 03/07/2014
  • Просмотров: 3257

23 жана 24-июнь күндөрү Ашхабал ш., Түркмөнстанда миграция жана жарансыздык боюнча эл аралык конференция дүйнөнүн 35тен ашуун мамлекеттеринин жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен болуп өттү. Миграция боюнча эл аралык уюмдун жана БУУнун качкындар иштери боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын көмөгү менен Түркмөнстандын Өкмөтү тарабынан уюштурулган конференцияда Кыргызстандын атынан МККнын төрайымынын орун басары Э.Убалиев катышкан.

Конференциянын жүрүшүндө улуттук деңгээлдеги качкындар жана миграция тууралуу мыйзамдарды иш жүзүнө ашыруу жана аткаруу маселелери, ошондой эле ушул чөйрөдөгү эл аралык тажрыйба алмашуу талкууланды.
Конференциянын жүрүшүндө, азыркы учурда дүйнөдө жарандыгы жок 12 млн. адам бар экендиги тууралуу белгилүү болду. Бирок дүйнөлүк коомчулукта көптөгөн мамлекеттер бул проблеманы кыскартууга багытталган натыйжалуу стратегияларды кабыл алышкан.

Андан тышкары, Борбордук Азия өлкөлөрүндө жарансыздык көп учурда СССР таркап кеткенден кийин эч кандай жарандыкты алышпаган адамдарга тиешелүү экендиги белгиленип кетти, алардын көпчүлүгү аракетте болуу мөөнөтү аяктагандан кийин күчүн жоготкон ССРдин паспортуна ээ, жана айрым адамдар Борбор Азия аймагына КМШнын башка өлкөлөрүнөн 1991-жылдан кийин келишкен.
Конференциянын жүрүшүндө Кыргызстан тарабынан кабыл алынып жаткан өлкөдөгү жарансыздыктын алдын алуу жаан кыскартуу боюнча күч-аракеттер өзгөчө белгиленип кеткен. Алсак, 2007-жылы жарандык тууралуу, мурунку ССРдин жарандыгы жок, өлкөдө беш жылдан ашуу жашаган бардык жарандарын жаран катары тааныган мыйзам кабыл алынган. 2009-2013-жылдар аралыгында, 1974-жылдын үлгүсүндөгү  СССРдин паспорттору бар 72356 жаран Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору менен документтештирилишкен. 2013-жылы  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы паспорттор менен ушундай 14356  адамды документтештирген, жарандыгы жок адамдарга туруктуу жашап туруу укугуна карата 39ду берген, ал эми 13 адам КРнын жарандыгына кабыл алынган.

2014-жылдын 5 айынын ичинде 2132 советтик паспорттордун ээлери аларды Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортуна алмаштырышты, жарандыгы жок адамдарга 11 туруктуу жашап туруу укугу берилди жана 6 жарандыгы жок адам КРнын жарандыгын алууга карата өтүнүч катын беришкен.
Жарандыгы жок адамдардын санын кыскартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан чараларга карабастан, республикада дагы эле жарандыксыздык тобокелдигине дуушар болуша турган жарандар калууда (11 миңден ашуун 1974-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору менен). Алардын көпчүлүгү Кыргызстана узак убакыттан бери жашашат, тыкыз туугандык байланыштары бар жана маданий-социалдык жактан алганда жакшы интеграцияланышкан. Бирок жарандыгын тастыктоочу документтеринин жоктугунан улам, адат катары, алар никеге тура алышпайт же баласын каттоодон өткөрө алышпайт, өлкөдө жүрүп, чет жактарга чыга алышпайт, пенсияларды, социалдык жөлөк пулдарды ала алышпайт, мүлккө ээ эмес.

Ушуга байланыштуу, ушул жылы Мамлекеттик каттоо кызматы БУУнун качкындар иштери боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын көмөгү менен Жалал-Абад Ош областтарында жанга Ош шаарында, «Чечимдер үчүн демилге – Кыргыз Республикасындагы жарансыздыкты кыскартуу» долбоорунун алкактарында, жарандыгы белгисиз адамдарды аныктап, аларга документтерди берүү боюнча иштер башталды. Бул долбоордун алкагында, 2014-жылдын акырына карата, жок дегенде 6500 жарандыгы жок жана документтештирилбеген адамдар каттоодон өткөрүлүшүп, кыргыз Республикасынын жарандыгына карата арыздарды беришмекчи, ошондой эле алар жарандыгын аныктоо же алуу боюнча акысыз юридикалык жардамды алышат.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы  Кыргыз Республикасын 1954-жылдагы «Жарандыгы жок адамдардын макамы жөнүндө» Конвенцияга жана 1961-жылдагы «Жарансыздыкты кыскартуу жөнүндө» Конвенцияга кошуу мүмкүндүгүн изилдөө үчүн удаалаш кадамдарды кабыл алып келе жатат. Кыргыз Республикасын жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияларга кошуу жөнүндө мыйзам долбоору МКК тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлгөн.

Белгилей кетүү керек, 2014-жыл 1954-жылдагы  жарандыгы жок адамдардын макамы жөнүндө Конвенциянын кабыл алынгандыгынын 60 жылдык мааракеси менен белгилүү. БУУнун КИЖКсы 2024-жылга карата жарансыздыкты толук жоюу боюнча глобалдуу кампанияны демилгелеп чыгууда.

 

Өнөктөштөр