Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 01/07/2014
  • Просмотров: 3569

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Өзбекстан Республикасынын жаранына ордуна алмаштырылып коюлган жасалма документтери менен Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун мыйзамсыз даярдоо фактын аныктаган.

2014-жылдын 19-июнунда  МККнын Коррупцияга каршы аракеттенүү, финансылык мониторинг жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенишүү башкармалыгына (мындан ары – КАФМУОАБ) ордуна алмаштырып салып койгон жалган биринчилик документтердин негизинде улуттук паспортторду мыйзамсыз даярдоого аракет кылуу тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Алсак, МККнын КАФМУОАБдун начальниги А. Ибраев башында турган кызматкерлер тобу Жалал-Абад шаарына 2014-жылдын 25-июнунда жагдайларды аныктоо үчүн жөнөшкөн.

А.Ибраевдин айтуусу боюнча, КР жаранынын паспортун даярдоого карата  анкета-арыз Персонификациялоонун мамлекеттик борборуна 2014-жылдын 18-июнунда келип түшкөн жана 2014-жылдын 23-июнунда паспорт даярдалган. МКК Башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад областы боюнча УКМК башкармалыгынын өз ара көмөгүнүн алдында даяр паспортту жараны алып жаткан учурдаӨзбекстандын жаранын кармашкан.

Адегенде Көк-Жаңгак  шаарынын ЖААК бөлүмүндө туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жасалмаланган. Андан ары, Сузак районунун Октябрь айылынынын ПВКИБ аймактык бөлүмүндө кеч паспорттоштурулуу тууралуу корутунду чыгарылган, анда жасалма документтер тиркелген: жашаган жеринен маалымкаты, орто мектепте окугандыгы тууралуу маалымкат, социалдык фонддун күбөлүгү. Сузак районунун ПВКИБ кызматкерлери жалган документтердин негизинде мыйзамсыз корутунду чыгарышкан жана ушул адамды Кыргыз Республикасынын жараны катары таанышкан. Сузак районунун ПВКИБнын корутундусунун негизинде, Өзбекстандын жараны Жалал-Абад шаарынын шашылыш документтештирүү бөлүмүнө арыз берген, дал ушул жактан ПМБга паспортту даярдоо үчүн анкета-арыз жөнөтүлгөн.
Белгилей кетүүчү нерсе, бул система мурда да иштеп келген жана ал боюнча мурда дагы мыйзамсыз бир  нече жолу Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун чет мамлекеттердин жарандары алышкан, Башкармалык тарабынан кошумча түрдө ушуга окшош бир нече фактылар аныкталган. Мындай мыйзамсыз улуттук паспортторду даярдоонун божомолдонгон наркы баштапкы документтерди жасалмалоону эске алуу менен 3000-3500 АКШ долларын түзөт.

Азыркы кезде бул факт боюнча Жалал-Абад областы боюнча УКМК Башкармалыгы тарабынан КР КЖКнын 346-беренесинин 1-бөлүгү, 350-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон, анын жыйынтыгында Жалал-Абад областы боюнча паспорттук бөлүмдөрдүн жана ЖААК бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарынын бул ишке тиешелүүлүгү аныкталат.

“Жалал-Абадда пайда болгон кырдаал – бул коррупциялык көрүнүштөрдүн таркалган мисалы экени эч кимге жашыруун эмес, алар көптөгөн жылдар бою калыптанган мамлекеттик каттоо системасында бүтүндөй актуалдуу. Бул көзөмөлдүн, кызматкерлердин эмгек акысынынгана төмөнкү сапатынын же башка саясий жана социалдык мезгилдерде курулган өзүн толук эскиртип бүткөн системанын жыйынтыгы эмес, ал коррупциянын субъекттери болуп калып жатышкан жарандардын өздөрүнүн мамилелеринин дагы натыйжасы.

Бул дагы бир жолу мамлекеттик каттоо системасын жана уюмду башкаруунун аракеттеги системасын реформалоого мезгил келип жеткендигин дагы бир жолу далилдейт, ал адам факторун жана анын каттоо процессине катышуусун минималдаштырмакчы. Бул алдыңкы эл аралык сапат жана башкаруу стандарттарына ылайык менеджменттин сапатын көнүктүрүүнү жана системаны ишке киргизүүнү, ошондой эле өлкөнүн каттоо системасын модернизациялоону жана калктын толук кандуу бирдиктүү каттоосун калыптандырууну божомолдоп турат”, – дейт МККнын төрайымы Алина Шаикова.

 

Өнөктөштөр