Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 19/06/2014
  • Просмотров: 4245

«Мамлекеттик каттоо кызматынын биринчи кезектеги иш-чараларынын алкагында ушул тапка карата уюмду башкаруунун аракеттеги системасын жана бүтүндөй мамлекеттик каттоо системасын реформалоо боюнча олуттуу милдет турат. Бул көрсөтүлгөн келечектеги модель жыйынтыктуулукка жана биздин кардарлардын (жарандардын, бизнгестин жана маморгандардын) канаттанышына багытталган болууга тийиш.

Биринчи багыт сапат менеджменти системасын сапаттын жана башкаруунун алдыңкы эл аралык стандарттарына ылайык көнүктүрүү жана ишке киргизүү, ал эми экинчи багыты – өлкөнүн каттоо системасын модернизациялоо жана калктын толук кандуу каттоодон өтүшүн калыптандырууга байланышта.

Азыркы учурда, биз коомчулук менен биринчи багытты ишке ашыруу боюнча өз элестетүүлөрүбүз менен бөлүшүүгө даярбыз. Иш жүзү көрсөткөндөй, мамлекетти башкаруу системасындагы каалагандай өзгөртүүлөрдү иш жүзүнө ашыруу коркунуч катары кабыл алынат жана көптөгөн тобокелдиктерге байланышта. Ошондуктан ушул баскыч эң маанилүү болуп саналат, жана ушуга жараша бардык ресурстарды топтоштурууну талап кылат», - деп баса белгиледи МККнын Төрайымы А.Шаикова бүгүн, 19-июнда «КРнын Өкмөтүнө караштуу МККнын өнүгүшү үчүн иш-чаралар» темасында өткөн тегерек столдун маалында, ага Грузиядан келген эксперт Леван Самадашвили катышты, ал – Грузиянын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү агенттигинин экс-төрагасы, мындан тышкары өкмөттүк эмес уюмдардын, эл аралык бирикмелердин өкүлдөрү катышышты.

Эскерте кетсек, тегерек столдо Грузиянын калкын каттоо системасында жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыктары, ошондой эле кызматтын башкаруусунун корпоративдик системасынын натыйжалуу өнүгүү маселелери жана Кыргызстандын МККсынын каттоо системасын өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги реформаларды ишке ашыруу талкууланды.

 

Өнөктөштөр