Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 01/10/2014
  • Просмотров: 3622

Бүгүн, 2014-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана «Таза шайлоо» Ассоциациясынын демилгеси боюнча Ош ш. мэриясынын колдоосу менен республиканын түштүк борборунда «Кыргызстандын жарандарын биометрикалык каттоо» темасындагы тегерек стол ишин баштады. Тегерек столдун ишине өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдар катышууда.

Жолугушуунун максаты – Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча жалпы улуттук компаниянын жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымдоо маселелерин талкуулоо. Биометрикалык маалыматтарды жалпы бирдей топтоо – бул кыргызстандыктар үчүн мезгил талаптары менен шартталган жаңылчылдык. Бирок ошондой болсо да, калктын көпчүлүгү жетиштүү деңгээлде  биометрикалыкмаалыматтарды киргизилишинин себептерин түшүнө беришпейт. Ушуга байланыштуу бүгүнкү күндө ушул маселени чечүү маселеси курч коюлууда.

Учурашуу сөзү менен Ош шаарынын вице-мэри И.Эргешов жана «Таза шайлоо» Ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбекова чыгып сүйлөштү.

 

Өнөктөштөр