Жарыяланган 10/10/2014
Кыргызстанда жыл башынан бери өздөрүнүн мамилелерин 34 миңге жакын жубайлар мыйзамдаштырышкан. ЖААКтын маалыматтары боюнча Кыргызстандын борбор калаасында үстүбүздөгү жылдын 8 айы ичинде 4293 нике катталган жана 1220 нике бузулган. Бардыгы болуп республика боюнча жыл башынан бери 6367 нике бузулган.
Билдирилгендей, үстүбүздөгү жылдын 8 айы ичинде Кыргызстанда 106456 бала төрөлгөн, 923 бала асырап алынган жана 22988 адам аталыгын аныкташкан.