Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 17/10/2014
  • Просмотров: 3250

Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 20-октябрынан тартып калктын биометрикалык маалыматтарын массалык топтоо башталат. Топтоонун алкактарында 10 манжанын тактары, бетинин санариптик фотосүрөтү жана электрондук кол тамгасы алынат.

Жарандар өздөрүнүн биометрикалык маалыматтарын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин (РЭО), Кадастр жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо департаментинин (мамкаттоолор) бөлүмдөрүндө, калкты тейлөө борборлорунда, орто мектептерде, жождордо: КГУСТА, Раззаков ат. КТУ, Скрябин ат. КАУ, Кыргыз Экономикалык Университетинде, туризм академиясында, Чүй университетинде жайгаштырылган 50 стационардык пункттардан тапшыра алышат.

Ар бир жарандын жанында паспорту болууга тийиш: ID карты, же ЖЖП (жалпы жарандык паспорту – чет элге чыгуучу паспорту), 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту. 

Шаардыктарга ыңгайлуу болушу үчүн Бишкекте КР Өкмөтүнө караштуу МАмлекеттик каттоо кызматынын ишеним телефондору иштеп жатат. Бардык суроолор менен төмөнкү телефондор боюнча кайрылууга болот: Call-борбор (0312) 87 33 33; 0800 555-55-10 (чалуу акысыз). 

Андан тышкары, Бишкекте “Таза шайлоо” ассоциациясынын кеңеш берүү борбору өз ишин алып барууда. Борбор саат 9.00дөн 18.00гө чейин Раззаков көчөсү, 100 дареги боюнча иштейт. Бардык суроолор менен  0777-91-10-27; (0312) 66-38-48; (0312) 66-44-83 телефондору боюнча кайрылууга болот.

Эскерте кетсек, биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча кампания биринчи жолу Кыргызстандын борборунда үстүбүздөгү жылдын 28-августунда башталган. Өзүнүн биометрикалык маалыматтарын вице-спикерлер жана парламенттин бардык беш фракциясынын лидерлери тапшырышкан.

 

Өнөктөштөр