Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 17/10/2014
  • Просмотров: 3233

Ушул жылдын 17-сентябрынан тартып Бишкек ш. боюнча калктын биометрикалык маалыматтарын топтоо жана каттоодон өткөрүү үчүн жабдуулар жана программалык камсыздоо менен иш алып баруу боюнча операторлорду эки күндүк окутуулар башталды.

Окутуу КРӨ МККга караштуу «Инфоком» МИсинин кызматкерлери тарабынан Архивдик агенттиктин жана Кыргыз Республикасынын Фианнасы министрлигинин базасында жүргүзүлөт.

Эки күндүк тренингдердин алкагында 60тан ашуун операторлор окутулушат. Буга чейин операторлордун 50 адамдан турган биринчи тобу окутулган. Мамлекеттик каттоо кызматынын ведомство алдындагы түзүлүштөрүнүн (паспорт столдору, Мамкаттоо, ЖААК, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментин жана Инфоком) кызматкерлеринен турган операторлор топтору атайын программалык камсыздоонун базасындагы жарандын биометрикалык маалыматтарын каттоо эрежелери жана жол-жоболору менен таанышышат.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн жабдуулардын жана программалык камсыздоонун комплектине төмөнкүлөр кирет: портативдик компьютер, манжа тактары үчүн сканер, кол коюла турган планшет жана санариптик камера.
Окутуунун жүрүшүндө келечектеги операторлордун ар бири практикалык сабактарда биометрикалык маалыматтарды каттоонун негизги эрежелерин пайдалануу менен программалык камсыздоону тесттен өткөрүп чыгышат.

Операторлордун бул тобун окутуу Бишкек шаары жана ага жакын жайгашкан жаңы конуштардын калкынын биометрикалык маалыматтарын топтоону камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.  Бишкек ш. жашоочуларынын биометрикалык маалыматтарын массалык топтоо 2014-жылдын 20-октябрынан тартып башталаары пландаштырылууда.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо Бишкек шаарынын төрт району боюнча жүзөгө ашырылмакчы: Октябрь, Ленин, Свердлов жана Биринчи май. Ар бир райондо топтоонун стационардык пункттары жайгаштырылат, ошондой эле мобилдүү топтор дагы ишке тартылышат. Азыркы күнгө карата бардыгы болуп Бишкек ш. боюнча 50 стационардык пункттар аныкталган, алар мамлекеттик мекемелерде, мектептерде, университеттерде, калкты тейлөө борборлорунда, Бишкек ш. РЭОсунда жаан Бишкек ш. мэриясынын муниципалдык мекемелеринде жайгаштырылган.

 

Өнөктөштөр