Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 23/10/2014
  • Просмотров: 3170

Даректик каттоо маалыматтык системасынын (ДКМС) өзү даректик маалыматтарды топтоонун, сактоонун, жүргүзүүнүн жана берүүнүн бирдиктүү булагын көрсөтүп турат. Даректик каттоону түзүү инновациялык технологияларды колдонуу менен шайлоо системасыг өркүндөтүүнүн ажыратылгыс компоненти болуп саналат. Анткени, шайлоо процесстери жүргөн учурлардагы тартип бузуулар дал ушул даректик маалыматтын жоктугунан же бурмаланышынан улам шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу баскычында болуп келе жатканы жашыруун деле эмес. Ошондуктан Борбордук шайлоо комиссиясы 2013-жылы Өкмөттүн алдына өлкөдө Даректик каттоону түзүү маселесин койгон.

МККнын Кадастр департаментинин ГМСнын жетекчиси Бакыт Джусупбековдун айтуусу боюнча  «КРнын Даректик каттоосун (ДК) түзүү – өлкөнүн Өкмөтүнүн Ыкчамдатылган иш-чаралар планынын пункттарынын бири. Бул иш өзүнө бүтүндөй системаны өркүндөтүүнүн бир катар иш-чараларын жана баскычтарын камтып турат. Биринчи баскычтын алкактарында КРӨ МККнын www.darek.kg порталы түзүлгөн жана ачылган. Азыр эми кийинки баскычына өтө баштадык».

Экинчи баскыч кыймылсыз мүлк объекттерин номерлөөнү аларды мааылматтар базасында системалаштыруу жана эсепке алуу үчүн жүргүзүүнү божомолдоп турат, анткени республикада номерлерсиз көп сандагы объекттер бар.
Андан ары маалыматтык технологияларды пайдалануу даректер жана объекттер тууралуу маалыматты географиялык маалыматтарга байланыштырууга шарт түзөт, мында объекттин жайгашуу ордун визуалдаштырууга мүмкүнчүлүк берилет.
Андан тышкары, МККнын Төрайымы А.Шаикова белгилеп кеткендей «Азыркы учурда КР ИИМи тарабынан жүргүзүлүп жаткан «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүнүн натыйжалуулугу жана иштеп турушу, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри менен биргеликте  укук коргоо органдарына биздин көчөлөрдөгү укуктук тартип бузуулардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк бере турган Даректик каттоонун бар болушу бир нече эсе жогорулайт».  

 

Өнөктөштөр