Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 555 55 10 *
Call Center
119
  • 20
  • Jul

Кыргызстан ИКАО стандарттарына шайкеш келген электрондук идентификациялык карталарды (eID) чыгара баштады

Электрондук идентификациялык карта (eID) – бул Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгүн тастыктаган, электрондук чип орнотулган жаңы муундагы документ. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 2017-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук идентификациялык карталарын (eID) даярдоого анкета-арыздарды кабыл алып жатат. Электрондук идентификациялык картанын (eID) коргоочу каражаттары бар жана аны электрондук... Кененирээк
  • 20
  • Jul

Дастан Догоев Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев 20-21-июлда Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барат. Иш сапарынын жүрүшүндө Төрага калкты тейлөө борборлорунун, ЖААК органдарынын, каттоо-сынак бөлүмдөрүнүн ишин текшерет жана жергиликтүү бийликтер менен президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча бир катар жолугушууларды өткөрөт.   Кененирээк
  • 19
  • Jul

Дастан Догоев: шайлоочулардын тизмесине биометрикалык каттоодон өткөн жарандар гана киргизилет

  Бүгүн, 19-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктары жана президенттик шайлоого карата жүрүп жаткан даярдык иштер тууралуу маалымат берди. Дастан Догоев 5-августта Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоочулардын алгачкы алдын ала тизмелерин өткөрүп берээрин билдирди.... Кененирээк
  • 19
  • Jul

МКК: электрондук паспорттон ээсинин каттоосун жана үй-бүлөлүк абалын окуй ала турган юридикалык жактардын тизмеси

              Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту - идентификациялык картадан жекесиздештирилиген маалыматтарды окуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында МКК макулдашуунун негизинде бир катар юридикалык жактарга Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталындагы жеке кеңселерге кирүүгө уруксат (мүмкүнчек) берди. №... Кененирээк
  • 14
  • Jul

МКК: Кара-Кулжанын алыскы айылдарынын тургундары райборборго барбастан, айыл өкмөтүнөн паспорт алышат

Мындан ары Ош облусунун Кара-Кулжа районунун алыс жайгашкан Алайкуу, Ой-Тал жана Кызыл-Жар айылдарынын жашоочулары 120 километр аралыкта жайгашкан райондук борборго барбастан, Мамлекеттик каттоо кызматынын Алайкуу айылындагы электрондук тутуму аркылуу паспорт алууга документ тапшырып жана туруктуу жашаган ордуна каттала алышат.             Бийик тоолуу Алайкуу жергесине автоматташтырылган тутумдарды киргизүү Кыргыз Республикасынын... Кененирээк
  • 13
  • Jul

МКК: Паспорт алуунун акысын төлөм терминалы же электрондук капчык аркылуу төлөөгө болот

        Кыргызстандын жарандары мындан ары паспорт үчүн электрондук капчык же төлөм терминалы аркылуу төлөй алышат. Калкты тейлөө борборунда “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан электрондук төлөм тутуму (электрондук биллинг) ишке киргизилди.  Эми кассага кезек күтүп туруу зарылчылыгы жок, паспорт алууга тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын «TeremPay» терминалы же «Элсом» электрондук капчыгы аркылуу төлөө... Кененирээк
  • 06
  • Jul

Русланбек Сарыбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары кызматына дайындалды

  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык,  Сарыбаев Русланбек Рыскулбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары кызматына дайындалды. Бүгүн КР Өкмөт Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Жылдызбек Исакулов Мамлекеттик каттоо кызматынын борбордук аппаратын КР Премьер-министринин МКК төрагасынын орун басары кызматына Р.Р.Сарыбаевди дайындоо жана К.С.Акишевди ээлеген... Кененирээк
  • 06
  • Jul

Камчыбек Акишев МКК төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Акишев Камчыбек Сабырбековичти ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө буйрукка кол койду.  Кененирээк
  • 05
  • Jul

Дастан Догоев МККнын Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөлөрү менен мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөгү көйгөйлөрдү талкуулады

  Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Дастан Догоев МКК Коомдук байкоочу кеңешинин (КБК) мүчөлөрү менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдөгү көйгөйлүү маселелерди талкуулады. КБК мүчөлөрү менен учурашып жатып Дастан Догоев байкоочу кеңеш менен жигердүү кызматташуу ниети бар экенин баса белгиледи. “КБКнын ушул жылга карата иш планы менен таанышып чыктым. План актуалдуу жана адекваттуу экен. Айрым пункттар боюнча белгилүү финансы каражаттары талап кылынат,... Кененирээк
  • 04
  • Jul

Дастан Догоев Бишкектеги Калкты тейлөө борборлору үчүн ыңгайлуу имараттарды табууга тапшырма берди

  Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Дастан Догоев борбор калаадагы Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) текшерүү менен барды. Д.Догоев Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүндө, паспорт бөлүмдөрүндө жарандарды тейлөө, биометриялык маалыматтарды топтоо жана даярдалган паспортторду жарандарга берүү процесстери кандай жүрүп жатканын көзөмөлдөдү. Ошондой эле МКК жетекчиси жарандар менен баарлашып, тейлөөнүн сапаты... Кененирээк

Өнөктөштөр