Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 555 55 10 *
Call Center
119
  • 11
  • Apr

Сандардын өзгөчө комбинациясы менен мамномерлерге карата баа төмөндөдү

10-апрелден тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сандардын өзгөчө комбинациясы менен мамлекеттик каттоо номер белгилеринин баасын төмөндөтүү жөнүндө токтому күчүнө кирди. Бул иш-чара, теңдеш шарттарды түзүү жана кооз мамлекеттик номерлерди сатып алууну жеткиликтүү кылуу чечими менен байланышта. Айрым комбинацияларга карата баа 56% чейин төмөндөтүлгөн. Мисалы, мурда 777 комбинациясына старттык баа 54 миң сомду түзүп турса, эми ал 30 миңге чейин төмөндөтүлгөн. Ошондой эле, аукционсуз... Кененирээк
  • 30
  • Mar

2018 –жылдын 2-апрелинен тартып транспорт каражаттарын кайра каттоо боюнча улуттук кампаниясы башталат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы 2018 –жылдын 2-апрелинен тартып транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампаниясы башталарын эсиниздерге салат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-мартындагы № 156 «Транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча 2018-жылдын 2-апрелинен тартып 2-июлуна чейин улуттук кампания өткөрүү жөнүндө» токтомуна ылайык транспорт каражаттарын кайра каттоо үчүн, транспорт... Кененирээк
  • 27
  • Mar

Ак-Босого конушунда калкты тейлөө борбору ачылды

Калкты тейлөө борбору Ак-Босого конушундагы №81 орто мектепбинин жанында, профессор Зима 2 дареги боюнча орун алган. Калкты тейлөө борборун ачуу учурунда, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директорунун орун басары Конушбаев Бакыт борбордун көрсөткөн кызматтары боюнча кенен маалымат берип, азырынча бул борбордон паспорт берүү үчүн документ кабыл алуу жана туруктуу жашаган дареги боюнча каттоого коюу кызматы көрсөтүлүп, жакынкы убакта жеке идентификациялык... Кененирээк
  • 14
  • Mar

Азия Молл соода эс алуу борборунда калкты тейлөө борбору ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 14 мартынан баштап «Азия Молл» соода эс алуу борборунда кичи калкты тейлөө борбору ишке берилип,  паспортоштуруу үчүн документтерди кабыл алууга жана сүрөткө тартуу боюнча бардык тиешелүү жабдуулар менен жабдылган. Төлөм каражаттарын кабыл алуу үчүн терминалдар да орнотулган. Бул жаңы ачылган кичи калкты тейлөө борборунун өзгөчөлүгү, борбордун иштөө тартиби, тактап кетсек жумуш күндөрүндө документ алуу үчүн убактысы жетишпеген адамдарга ылайыкталган.... Кененирээк
  • 12
  • Mar

Кээ бир ЖААК бөлүмдөрүнүн башчылары тартиптик жоопкерчиликке тартылышты

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлгөн кызматтык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын буйругу менен Сузак Райондук ЖААК бөүмүнүн башчысы Аттокурова Махабат жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан ылдыйлады. Андан тышкары: калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Ала-Бука райондук... Кененирээк
  • 21
  • Feb

Ак-Суу балдар үйүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Ак-Суу балдар үйүнө, өндүрүштүк кир жуугуч машинасын жана кургаткычын оңдоо үчүн 42 616 сом өлчөмүндөгү материалдык жардам, андан тышкары балдар үйүнүн тарбиялануучуларына маалыматтык программаларды үйрөнүү жана интернетти өздөштүрүүлөрүү үчүн 10 персоналдык компьютерлер беришти.   110 балага эсептелинген балдар үйү 1996-жылдын 20-октябрында уюштурулган. Азыркы учурда бул балдар үйүндө 3 жаштан... Кененирээк
  • 20
  • Feb

Мамкаттоо кызматы кичи калкты тейлөө борборлорунун ишке киргизилгендигин эсиңиздерге салат

  Мамкаттоо кызматы кичи калкты тейлөө борборлору (Горький көч. 1 «Г» жана   Чүй проспектиси 41б) даректери боюнча, сүрөткө тартуу жана паспортко документ кабыл алуу үчүн тиешелүү жабдуулар менен жабдылып, ишке киргизилгендигин эсиңиздерге салат. Төлөм каражаттарын кабыл алуу үчүн атайын терминалдар орнотулган. Жаңы ачылган калкты тейлөө борборлорунун негизги өзгөчөлүгү, иш күндөрү паспорт алуу үчүн документ тапшырууга  убактысы болбогон жарандарга... Кененирээк
  • 20
  • Feb

Мамкаттоо кызматы кичи калкты тейлөө борборлору ишке киргендигин билдирет

Мамкаттоо кызматы Бишкек шаарында Горький көчөсү 1 “Г” жана Чүй проспектиси 41 “Б” дареги боюнча жайгашкан соода борборлорунда паспорт алууга үчүн документтерди кабыл алууга жана сүрөткө тартуу боюнча бардык тиешелүү жабдуулар менен жабдылган кичи калкты тейлөө борборлорунун ишке киргизилгендигин билдирет. Төлөм каражаттарын кабыл алуу үчүн терминалдар да орнотулган. Бул жаңы ачылган кичи калкты тейлөө борборлорунун өзгөчөлүгү, алардын иштөө тартиби, тактап... Кененирээк
  • 15
  • Feb

Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Догоев Дастан Давлетович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Кененирээк
  • 15
  • Feb

Алина Шаикова Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Шаикова Алина Кавылбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисиинин орун басары Эдуард Турдалиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын жамаатына жаңы төрайымын тааныштырды. Кененирээк

Өнөктөштөр