Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
  • 24
  • Mar

23-мартка карата республика боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшыргандардын саны 2 миллион 441 миң 20 адамга жетти

МККнын Штабынын маалыматтары боюнча 23-мартка карата 2 миллион 441миң 20 жаран биометрикалык каттоодон өттү.  Жалпы улуттук өнөктүк башталгандан бери Бишкекте – 385,793; Ош шаарында – 150,491; Ош облусунда – 465,979; Нарында – 114,010; Чүйдө – 409,807; Ысык-Көлдө – 191,048;  Баткенде – 199,513; Таласта – 96,759; Жалал-Абад облусунда – 427,620 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырды.  Биометрикалык маалыматтарын... Кененирээк
  • 23
  • Mar

МККнын Ички контроль башкармалыгы тарабынан документтер жасалмаланган жана алмаштырылган фактылар аныкталды

МККнын Ички контроль башкармалыгы  (ИКБ) Кадастр депатаментинин Бишкек шаарындагы жергиликтүү каттоо бөлүмүнүн (ЖКБ) кызматкерлери тарабынан документтерди жасалмалоо жана кызмат абалынан пайдалануу менен документтерди алмаштырып коюу фактыларын аныктады.   Азыркы учурда ИКБ андан ары кароо үчүн материалдардын баарын АКК (КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антикоррупция кызматына) өткөрүп берди.    Бишкек шаарындагы ЖКБнын ишин текшерүү... Кененирээк
  • 23
  • Mar

МККнын Call-борбору билдирет

2015-жылдын 16-мартынан баштап 22-мартына чейин МККнын маалымат борборуна Кыргызстандын жашоочуларынан 1486 чалуу түшкөн. Негизинен суроолор улуттук үлгүдөгү паспортторду алуу, калыбына келтирүү жана каттоо – эсепке алуу маселелерине арналган. Суроолордун баарына call-борборлордун операторлору тарабынан жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.   Статистикалык маалыматтарга ылайык, МККнын call-борборуна түшүп жаткан чалуулардын өсүү тенденциясы байкалууда. Ушул жылдын... Кененирээк
  • 20
  • Mar

ИИМдин мыйзамсыз берилген паспорттор маалыматы боюнча МККнын билдирүүсү

Мыйзамсыз берилген жеке идентификациялык номерлердин негизинде Кыргыз Республикасынын 7 миңден ашык паспорту берилгендиги жөнүндө маалыматты, Мамлекеттик  Каттоо Кызматы 2014-жылы берилген жаны ЖИНдердин негизинде 6875 ID-карт жана 3348 жалпы жарандык паспорт түзгөндүгүн анализдин негизинде аныктап, бул иш боюнча материал Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына тергөө иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилгендигин Мамлекеттик  Каттоо Кызматы билдирет.  Ошону менен бирге... Кененирээк
  • 19
  • Mar

МКК: Биометрикалык каттоодон өткөн 16 жаштан улуу курактагы жарандардын саны так

Биометрикалык  каттоодон  өткөн 16 жаштан улуу  курактагы жарандардын саны так, анткени бул көрсөткүчтөр операторлордон жана аймактардагы Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынан күн сайын  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү жана МКК штабы үчүн  алынган  отчеттордон түзүлөт, деп билдирет Мамлекеттик каттоо кызматы.   Калкты биометрикалык каттоодон өткөрүү  Улуттук кампаниясын  баштоор алдында, МКК  Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу... Кененирээк
  • 18
  • Mar

Кыргызстанда алдыда болуучу шайлоолорго МКК 7 миңге жакын операторду ишке тартууга ниеттенүүдө

Кыргызстанда  алдыда боло турган шайлоолордун учурунда МКК шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын идентификациялоо боюнча 7 миңге жакын операторду ишке тартууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ведомствонун жетекчиси Алина Шаикова парламенттин отурумунда билдирди.     Депутат Нарынбек Молдобаев шайлоолорду нормалдуу өткөрүү үчүн ар бир участокто МККнын кеминде 2 оператору болуусу зарыл экендигин белгиледи. «Эгер эсептей келсек, аз дегенде 5 миң киши болот... Кененирээк
  • 18
  • Mar

Кыргызстанда биометрикалык каттоодон башында мерчемделген 3 миллиондон аз жаран өтөт

Кыргызстанда биометрикалык каттоодон өтө турган жарандардын саны адегенде болжолдонгон 3 миллиондон аз болмокчу. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова парламенттин отурумунда билдирди.     КР Президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланып жаткан учурда депутат Абдыманап Кутушев (КСДП) башында өлкөдө 3 миллиондон ашык адам биометрикалык каттоодон өтөөрү болжолдонгонун эске... Кененирээк
  • 18
  • Mar

Жаран биометрикалык каттоодон бир нече жолу, ар башка фамиля менен өтсө дагы, базада ал бир жолу гана көрсөтүлөт

Жаран биометрикалык каттоодон бир нече жолу, ар башка фамилия менен өтсө дагы, жыйынтыгында базада ал бир жолу гана көрсөтүлөт. Бул тууралуу 18-мартта  парламенттин отурумунда МККнын өкүлү  билдирди.   КР Президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланып жаткан учурда депутат Дастан Жумабеков («Ата-Журт») жарандардан кайрылуулар түшүп жатканын билдирди. “Алар биометрикалык маалыматтарын бир нече... Кененирээк
  • 18
  • Mar

Тарыхсыз- келечек жок

Мамлекеттик архив кызматы Орусия  Федерациясы,  Турция, Литва, Тажикстан, Украина, Польша, Казакстан, Саха (Якутия) жана Кытай Элдик Республикаларынын Мамлекеттик архив кызматтары менен эки тараптуу келишим түздү.  Бул  келишим аталган өлкөлөрдүн архивдеринен маалымат алууга, көчүрмөлөрүн алмашуу аркылуу,  өлкөлбүздүн архив фондун толуктоого мүмкүнчүлүк  берет. 2000-жылы Өзбек  Республикасынын  архивинен алынган  документтердин... Кененирээк
  • 17
  • Mar

16-мартка карата республика боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшыргандардын саны 2 миллион 427 миң 849 адамга жетти

МККнын Штабынын маалыматтары боюнча 16-мартка карата 2 миллион 427миң 849 жаран биометрикалык каттоодон өттү.   Жалпы улуттук өнөктүк башталгандан бери Бишкекте – 380,193; Ош шаарында – 149,912; Ош облусунда – 464,772; Нарында – 113,376; Чүйдө – 407,822; Ысык-Көлдө – 190,094;  Баткенде – 199,005; Таласта – 96,503; Жалал-Абад облусунда – 426,172 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырды.   Биометрикалык... Кененирээк

Өнөктөштөр