Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
  • 04
  • Mar

МККнын кызматкерлеринин орточо жаш курагы 26дан 35 жашка чейин

Мурда маалымдалгандай, «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан «Кадрлар» автоматташтырылган маалыматтык тутуму (Кадрлар АМТ) иштелип чыгып жана ишке киргизилген.    Тутум кызматкерлердин кадрдык маалыматтарын электрондук түрдө киргизүү жана эсепке алуу максатында иштелип чыккан.   Тутум МККнын жана анын ведомстволук мекемелеринин кызматкерлеринин орточо жаш курагын, жалпы санын, билимин жана жынысын пайыздык катнашта дароо аныктоого... Кененирээк
  • 03
  • Mar

Премьер Ж. Оторбаев Бишкек шаарындагы КТБнын жана транспорт каражаттарын каттоо бөлүмүнүн иши менен таанышты

Кыргыз республикасынын Прмеьер-министри Ж. Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборуна (КТБ) жана Бишкек шаарындагы унаа каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо бөлүмүнө барып, жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Мурда Толстой көчөсүндө жайгашкан КТБ 2014-жылдын 10-ноябрынан баштап Бишкек шаары, Тынчтык проспекти, 95 дарегинде (эски аэропорт) иштей баштады. Жаңы орунга баруу менен калкты каттоо... Кененирээк
  • 27
  • Feb

Мамлекеттик каттоо кызматынын коллегиясынын отуруму болду

27-февралда Мамлекеттик тарых музейинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коллегиясынын отуруму болду.    Күн тартибине Мамлекеттик каттоо кызматынын 2014-жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчёттор, бюджеттик, атайын каражаттардын пайдаланылышына жүргүзүлгөн аудиттин жана Кызматтын ишинин жыйынтыктары, ошондой эле 2015-жылга карата иш планы коюлган.   Коллегиянын отурумуна КР Өкмөтүнүн Аппаратынын... Кененирээк
  • 27
  • Feb

МККнын Коллегиясында мекеменин 2015-жылга карата Иш планы жаңы форматта бекитилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында 2015-жылы төмөнкү стратегиялык жана программалык милдеттерди чечүү турат: 1. 2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына жетүүнү камсыздоого багытталган 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программа; 2.2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин... Кененирээк
  • 26
  • Feb

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы «Кадрлар» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизди

«Кадрлар» автоматташтырылган маалыматтык тутуму (Кадрлар АМТ) МККнын жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн базасында иштеп жатат. Бул технологияны «Инфоком» мамлекеттик ишканасы иштеп чыккан. Тутумдун максаты электрондук түрдө кадр маалыматтарын жүргүзүү жана эсепке алуу, ошондой эле кызматкерлердин жаш курагын, билимин жана иш стажын талдоо.  Кадрлар АМТ Кызматтын бардык кадр бөлүмдөрү үчүн иштелип чыккан, глобалдуу режимде иштейт жана ишенимдүү... Кененирээк
  • 25
  • Feb

МКК калктын ишеними индекси боюнча сапаттуу кызматтарды көрсөткөн мыкты беш мамлекеттик органдын катарына кирди

2014-жылдын жыйынтыктары боюнча МКК калктын ишеними индекси боюнча мамлекеттик органдардын рейтингине ылайык 40 мамлекеттик органдын ичинен 11-орунду ээледи. Мамлекеттик каттоо кызматы 2013-жылга салыштырмалуу рейтингде өзүнүн упайын 15,6 пунктка жогорулатып, 5 орунга көтөрүлүү менен олуттуу өсүүгө жетишти. Мындан тышкары МКК калкка сапаттуу кызматтарды көрсөткөн эң мыкты 5 мамлекеттик органдын катарына кирди. Бул анализ өлкөнүн Улуттук статистикалык комитети тарабынан өткөрүлгөн калкты... Кененирээк
  • 25
  • Feb

24-февралга карата республика боюнча 2 миллион 354 миң 395 жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырды

МККнын Штабынын маалыматтары боюнча 24-февралга карата 2 миллион 354 миң 395 жаран биометрикалык каттоодон өттү.   Жалпы улуттук өнөктүк башталгандан бери Бишкекте – 352,923; Ош шаарында – 146,285;  Ош облусунда – 457,995; Нарында – 110,741; Чүйдө – 396,281; Ысык-Көлдө – 185,044 ;  Баткенде – 194,147; Таласта – 94,779; Жалал-Абад облусунда – 416,200 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырды.  ... Кененирээк
  • 24
  • Feb

«Нацизмге каршы күрөштө биз бирге болгонбуз!» көргөзмөсү үчүн архивдик фото сүрөттөр

Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесине арналып, Москва шаарында өткөрүлө турган Эл аралык көргөзмөгө коюу үчүн тандалган КР Борбордук мамлекеттик кинофонофотодокументтер архивинин фото сүрөттөрүн жарыялоону улантабыз. 1945-1946 -ж.ж.  Кыргызстандык Советтер Союзунун Баатырлары М. Калининдин кабыл алуусунда. 1945-жыл. 18-армиянын 24-аткычтар дивизиясынын аткычтар взводунун командири Самаров-Ульяновский.  Солдон экинчиси К. Күмүшалиев, 3-сү Сидоров.... Кененирээк
  • 24
  • Feb

Мыйзамсыз ыйгарылган ЖИНдердин негизинде Кыргызстандын паспортторун берүү боюнча МККнын маалыматы

19-февралда МУККнын маалымат кызматы 2014-жылы мыйзамсыз ыйгарылган жеке идентификациялык номерлердин негизинде КР Социалдык фондунун жана МККнын кызмат адамдары тарабынан 7 миңден ашык КР паспорттору (4 миңден ашык ID-карт жана 3 миң жалпы жарандык паспорт) мыйзамсыз берилгендиги тууралуу маалымат тараткан.    Мында МУКК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн схема боюнча паспорт алган 500 жаран текшерилген, алардын ичинен 2 адам жасаган... Кененирээк
  • 24
  • Feb

Ушул жылдын январь айында 4123 түгөйдүн никеси катталса, 668 жуп ажырашты

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2015-жылдын январь айында Кыргызстанда 4 миң 123 нике катталды. Эң жогорку көрсөткүч Ош облусунда – 1 миң 93 жуп никелешкен, Жалал-Абад облусунда - 857, Чүйдө – 529, Бишкек шаарында – 344 түгөй баш кошту. Эң төмөнкү көрсөткүч Ош шаарында – 172 түгөй никеге турган. Ушул жылдын январь айында 668 жуп ажырашкан. Ажырашуу боюнча эң жогорку көрсөткүч Жалал-Абад облусунда катталган – 104, Ошто – 35 түгөй үй-бүлөлүк... Кененирээк

Өнөктөштөр