Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
  • 19
  • Feb

Бишкектеги стационардуу жана мобилдүү биометрикалык маалыматтарды топтоо түйүндөрүндөгү өзгөрүүлөр

№8 орто мектепте маалыматтарды топтоо аяктады. Эми топтоо пункту Ленин районундагы Калкты тейлөө борборунда иштейт. Биринчи май районунда М. Абдраев атындагы музыкалык окуу жайында жана Асаналиев атындагы Тоо иши жана тоо технологиялары институтунда топтоо пункттары ачылды. Свердлов районунун «Дордой» конушунда жана №85 орто мектепте топтоо аяктады. «Келечек» жана «Ак-Бата» конуштарында жана 11 ШББ (шаардык байланыш бөлүмүндө) топтоо пункттары... Кененирээк
  • 19
  • Feb

18-февралга карата республика боюнча 2 миллион 331 миң 65 жаран биометрикалык каттоодон өттү

МККнын Штабынын маалыматтары боюнча 18-февралга карата 2 миллион 331 миң 65 жаран биометрикалык каттоодон өттү. Жалпы улуттук өнөктүк башталгандан бери Бишкекте – 343,452; Ош шаарында – 145,206;  Ош облусунда – 456,934; Нарында – 110,104; Чүйдө – 393,338; Ысык-Көлдө – 183,134;  Баткенде – 192,715; Таласта – 94,161; Жалал-Абад облусунда – 413,021 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Биометрикалык маалыматтарын... Кененирээк
  • 18
  • Feb

Шайлоо процессинин жаңы үлгүсү менен таанышуу үчүн Германияга сапар алган вице-премьер Т. Сарпашев жетектеген делегациянын курамы

Германияга бир аптага, 2015-жылдын 17-23 -февралына чейин шайлоо процессинин жаңы үлгүсү менен таанышуу үчүн аттанган КР биринчи вице-премьер министри Т. Сарпашев жетектеген делегациянын курамы белгилүү болду. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Т. Сарпашев тажрыйба алмашуу жана инновациялуу технологияларды пайдалануу менен шайлоо процессинин жаңы үлгүсүн колдонуу маселелерин талкуулоо үчүн Германияга үч күндүк сапарга жөнөп кетти. Премьер-министрдин 13-февралдагы тескемесине... Кененирээк
  • 18
  • Feb

Ушул жылдын январь айында республика боюнча 13 миң 109 жаңы төрөлгөн бала катталды

Кыргызстанда 2015-жылдын январында 13 миң 109 жаңы төрөлгөн бала катталды. Бишкекте январь айында 1 миң 873, Чүй облусунда 1 миң 729 бала жарык дүйнөгө келди. Бала төрөлүү боюнча эң жогорку көрсөткүч Ош облусунда катталды. Аталган аймакта кыштын алгачкы айында 2 миң 908 бала төрөлгөн. Ушул эле мезгилде Жалал-Абад облусунда 2 миң672 бала катталды. Эң төмөнкү көрсөткүч Нарын облусунда – 555 бала жана Талас облусунда – 561 наристе катталган. Кененирээк
  • 18
  • Feb

Айдоочунун күбөлүгүн алууну каалагандардын саны жыл санап көбөйүп бара жатат

Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, Кыргызстанда берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн саны жыл санап өсүп бара жатат. Эгер 2013-жылы 148 миң 485 айдоочулук күбөлүк берилген болсо, 2014-жылы 151 миң 22 адам авто унаа башкарууга укук алышкан. Кыргызстандын көптөгөн жарандары эл аралык үлгүдөгү күбөлүк алууну каалашат. 2013-жылы күбөлүк алган жалпы  148 миң 485 жарандын ичинен 1 миң 722 адам эл аралык үлгүдөгү документ алган. 2014-жылы 151 миң 22 адамдын 8 миң 464ү эл аралык үлгүдөгү... Кененирээк
  • 17
  • Feb

«Нацизмге каршы күрөштө биз бирге болгонбуз!» көргөзмөсү үчүн архивден алынган фото сүрөттөрдү жарыялайбыз

Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесине арналып, Москва шаарында өткөрүлө турган Эл аралык көргөзмөгө коюу үчүн тандалган КР Борбордук мамлекеттик кинофонофотодокументтер архивинин фото сүрөттөрүн жарыялоону улантабыз. 1942-жыл.  Кыргыз ССРинин Эл артисти Сайра Кийизбаева жоокерлердин арасында. Ленинград шаары, 1943-жылдын октябры.  Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы М. Токбаев  вице-адмирал Раллдын, биринчи рангдагы капитан Н.... Кененирээк
  • 16
  • Feb

Кыргызстандын Архив кызматы 1926-жылы түзүлгөн

 Кыргыз автономиялуу облусунун 1926-жылдын 30-августундагы «КАО архив ишин уюштуруу жөнүндө» токтомуна ылайык, республиканын бардык аймактарында мамлекеттик архивдин туруктуу тутуму түзүлгөн. Азыркы учурда МККнын алдындагы Архив агенттигинин тутумуна 66 борбордук, облустук, райондук жана шаардык архивдер кирип, аларда кагаз негизиндеги 4 миллион документ жана 110 миң аудиовизуалдуу документтер сакталат. КР архив фондун 1831-жылдан баштап сакталган архивдик... Кененирээк
  • 16
  • Feb

Махабат майрамында Бишкек шаарындагы Борбордук нике өргөсүндө 23 түгөй никеге турду

14-февралда бүткүл дүйнөдө Сүйүү күнү белгиленет, Кыргызстанда дагы бул майрам популярдуу болуп бара жатат. Так ушул майрамда сүйүшкөндөр үлпөт тоюн өткөрүп, никеге турушат. Эл арасында жашап келген эски ишеним боюнча, бул күнү никеге турган жуптар түбөлүк бирге жашайт.  Жыл сайын ушул күнү үйлөнүү үлпөтүн уюштургандардын саны көбөйүп бара жатат. 2011-жылы 14-февралда Бишкек шаарындагы Борбордук нике өргөөсүндө 6 нике, 2012-жылы – 2 түгөй катталган. 2013-жылдан тарта бул күнү... Кененирээк
  • 16
  • Feb

13-февралга карата республика боюнча 2 миллион 305 миң 883 жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырды

МККнын Штабынын маалыматтары боюнча 136-февралга карата 2 миллион 305 миң 883 жаран биометрикалык каттоодон өттү. Жалпы улуттук өнөктүк башталгандан бери Бишкекте – 333,195; Ош шаарында – 144,165; Ош облусунда – 453,829; Нарында – 109,232; Чүйдө – 389,797; Ысык-Көлдө – 180,961 ;  Баткенде – 191,635; Таласта – 93,444; Жалал-Абад облусунда – 409,625 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Биометрикалык маалыматтарын... Кененирээк
  • 13
  • Feb

МККнын жетекчилиги Кыргызстандагы USAID миссиясынын директору Майкл Грин менен жолугушту

МККнын төрагасы Алина Шаикова Кыргыз Республикасындагы ЮСАИДдин миссиясынын директору Майкл Грин менен жолугушту. Ведомствонун башчысы ЮСАИДге  жемиштүү кызматташуусу жана МККнын калкка мамлекеттик кызматтарды берүү тутумун реформалоо боюнча демилгелеринин баарына коолдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Бүгүнкү күнү МКК АКШнын Эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин (ЮСАИД)  колдоосу менен калкты тейлөө тутумун реформалоонун концепциясын иштеп чыкты. 2015-жылдын... Кененирээк

Өнөктөштөр