Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
  • 25
  • Dec

24-декабрга карата Кыргызстандын 1 миллион 689 миң 750 жараны биометрикалык каттоодон өттү (таблица)

МККнын Штабынын маалыматтары боюнча 24-декабрга карата биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын саны 1 миллион 689 миң 750гө жетти. Биометрикалык каттоодон өткөндөрдүн пайыздык көрсөткүчү Ош шаарында – 65.73%, Ош облусунда – 56.60%, Чүй облусунда – 47.55%, Нарын облусунда – 45.93%, Баткенде – 48.58%, Таласта – 45.96%, Ысык-Көлдө – 44.31%, Жалал-Абадда – 38.99% түздү.   №... Кененирээк
  • 25
  • Dec

Стационардуу жана мобилдүү биометрикалык маалыматтарды топтоо пункттарындагы өзгөрүүлөр

Туризм академиясында жана №41 орто мектепте маалыматтарды топтоо аяктады. “Мадина” базарында жана №24 орто мектепте топтоо түйүндөрү ачылды. 25-декабрдан баштап Биринчимай районундагы 17-шаардык байланыш бөлүмүндөгү Калкты тейлөө борборунда топтоо пункту иштей баштады. 24-декабрдан баштап Октябрь районундагы №56 орто мектепте пункт иштей баштады. 25 жана 26-декабрда “Бишкек” эркин экономикалык аймагында мобилдүү пункт иштейт. КР Билим берүү жана илим... Кененирээк
  • 25
  • Dec

МКК жана БУУӨП шайлоо тутумунда колдонууну эске алуу менен КБМР долбоорун андан ары ишке ашыруу жөнүндө маселелерди иштеп чыгат

Бүгүн МККнын төрагасынын орун басары Дастан Догоев Кыргызстандагы БУУӨП туруктуу өкүлү Александр Авенесов жана БШКнын төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КБМР түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууну колдоо жана шайлоо процессине инновациялык технологияларды жайылтуу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча БУУӨП тарабынан бир нече багыттар боюнча колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Биринчи... Кененирээк
  • 24
  • Dec

МКК Социалдык фонд менен бирге кайталап ПИН берүүнү жоюу боюнча иш жүргүзөт

Мамлекеттик каттоо кызматы менен Социалдык фонддун жетекчиликтеринин жолугушуусу болуп, анда төрөлүү жөнүндө актыларды каттоодогу, ПИН (жеке идентификациялык номер) жана паспорт алуудагы коррупциялык зоналарды жоюу маселелери талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө бир адамга кайталап ПИН берүү жана анын негизинде жаңы паспорт алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу максатында МКК менен Соцфонддун ортосунда электрондук өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу боюнча биргелешкен иштерди... Кененирээк
  • 24
  • Dec

МКК: Кыргызстандын калкынын биометрикалык маалыматтарын каттоо акысыз жүргүзүлүүдө

Акыркы мезгилде жаңы жылдан кийин калктын биометрикалык маалыматтарын каттоо үчүн акы төлөнөт деген имиштерден улам баш калаадагы биометрикалык маалыматтарды топтоо пункттарында ажиотаж байкалууда. Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандын биометрикалык маалыматтарын каттоо акысыз жүргүзүлөөрүн расмий билдирет. Жаңы жылдан кийин биометрикалык маалыматтарды каттатуу үчүн  акы төлөнөт деген маалымат чындыкка жатпайт. МКК биометрикалык маалыматтарды акы төлөтүү менен каттаган... Кененирээк
  • 23
  • Dec

Консулдук мекемелердин кызматкерлери биометрикалык маалыматтарды топтоо процессине окутулду

Өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо максатында МКК тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирге алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердеги Кыргызстандын консулдук мекемелеринин өкүлдөрүн окутуу жүргүзүлдү. Ушул жылдын ноябрь жана декабрь айларында Кыргызстандын Түркиядагы, Бириккен Араб Эмираттарындагы, Россиядагы жана Казакстандагы консулдук мекемелеринин кызматкерлери биометрикалык маалыматтарды каттоо процессине окутулду.... Кененирээк
  • 23
  • Dec

Бишкектеги мобилдүү топтордун иши боюнча маалыматтар

23-декабрда КР Билим берүү жана илим министрлигинде жана “Кыргызстан” коммерциялык банкында биометрикалык маалыматтарды топтоо башталды. Бишкек мэриясында, Свердлов райадминистрациясында, Свердлов райондук социалдык фонд башкармалыгында, “Дордой” базарында жана “Кыргыз Темир Жолу УК” мамлекеттик ишканасында, Улуттук госпиталда, Бишкек мамлекеттик курулуш техникумунда, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде, “Мега Комфорт”... Кененирээк
  • 23
  • Dec

22-декабрга карата Кыргызстанда 1,5 миллион киши биометрикалык каттоодон өттү (таблица)

МККнын Штабынын маалыматы боюнча Кыргызстанда 22-декабрга карата 1 млн 586 миң 274 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Статистикага ылайык, күн сайын республикада 60 миң киши биометрикалык каттоодон өтүп жатат. Ушул жылдын 22-декабрында жалпы Кыргызстан боюнча 65 миң 180 жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Биометрикалык каттоодон өткөндөрдүн пайыздык көрсөткүчү Ош шаарында 62,0%, Ош облусунда – 54,18%, Нарын облусунда – 44,27%, Баткенде – 44,48%,... Кененирээк
  • 19
  • Dec

18-декабрга карата Кыргызстан боюнча 1 млн 443 миң 856 жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырды (таблица)

МККнын Штабынын маалыматтары боюнча 18-декабрга карата биометрикалык маалыматтарын тапшыргандардын саны 1 млн 443 миң 856 жаранды түздү. Статистикага ылайык, күн сайын республика боюнча 60 миңдин айланасындагы киши биометрикалык каттоодон өтүп жатат. Биометрикалык маалыматтарын тапшыргандардын пайыздык көрсөткүчү: Ош шаарында – 57,50, Ош облусунда – 50,17; Нарын облусунда – 41,56; Баткен облусунда – 41,40; Талас облусунда – 40,97.... Кененирээк
  • 19
  • Dec

Бишкек шаарындагы стационардуу жана мобилдүү биометрикалык каттоо түйүндөрүндөгү өзгөрүүлөр

Бүгүн, 19-декабрда, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Чыгыш электр тармактар районунда (Чыгыш ЭТР) мобилдүү түйүн иштей баштады. № 18 кесиптик лицейде, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында жана Б. Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтунда топтоо иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясында; Свердлов райондук администрациясында; “Бишкекжылуулуктармактары” ААКда; “Дордой” базарында; “Кыргыз темир Жолу УК”... Кененирээк

Өнөктөштөр