Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
  • 12
  • Nov

МКК: Бүткүл Кыргызстан боюнча биометрикалык маалыматтарды катоо

МККнын Штабынын маалыматтарына ылайык, 20-октябрдан баштап 11-ноябрга чейин (15 жумуш күн) Бишкек шаары боюнча 28 миң 675 адам биометрикалык каттоодон өттү, ал эми региондор боюнча 2 күндүн ичинде 2 миңден ашык адам тапшырды. 12-ноябрдан баштап Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде, КР Тышкы иштер министрлигинде маалыматтарды топтоо түйүндөрү ачылды. 13-ноябрда мобилдүү топ биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрилигине жиберилди.... Кененирээк
  • 12
  • Nov

Быйыл Кыргызстанда кыймылсыз мүлк менен бүтүм түзүүдө өсүү тенденциясы байкалууда

2014-жылдын 9 айында  кыймылсыз мүлккө болгон 249084 укук катталды, бул өткөн жылдын окшош мезгилне караганда 12%га көбүрөөк (2013-жылдын 9 айында – 222 462 укук катталган). Бул тууралуу МККнын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлкө укуктарды каттоо департамнтинен билдиришти. Бүтүмдөрдүн тизмегине кыймылсыз мүлктөрдү сатуу-алуу, күрөө, ижара, белекке берүү, мурастоо жана алмашуу кирет. Ведомствонун маалыматтарына ылайык, операциялардын бардык түрлөрү боюнча өсүү тенденциясы... Кененирээк
  • 12
  • Nov

Т.Сарпашев: 25-ноябрга карата региондук түйүндөр ачылуусу керек

“25-ноябрга карата биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча түйүндөрдүн баары ачылуусу керек”, - деп биометрикалык маалыматтарды топтоого даярдануу боюнча өкмөттөгү кеңешмеде биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.  Кеңешмеде Биринчи вице-премьер-министр региондордогу жана райондордогу биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча жооптуу адамдарды белгиледи: алар губернаторлор жана акимдер. “Бул мөөнөткө карата зарыл сандагы жабдуулардын... Кененирээк
  • 11
  • Nov

Бишкекте 26 миң 399 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырды

Борбор шаардын бардык райондорунда жана мамлекеттик мекемелерде биометрикалык маалыматтарды топтоо жүрүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрынан баштап 10-ноябрына чейин Бишкекте  26 миң 399 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырышты. Баш калаадагы № 60 мектепте ачылган маалыматтарды топтоо түйүнү Кыргыз мамлкеттик дене тарбия жана спорт академиясына көчүрүлдү. Бишкектин мэриясында жана Свердлов райондук мамлекеттик администрациясында маалыматтарды топтоо уланууда. 10-ноябрда... Кененирээк
  • 11
  • Nov

МКК 1974 жана 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду алмаштыруу боюнча иш жүргүзүүдө

2014-жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын жарандарына 380 154 паспорт берилди, анын ичинде  Айди карта - 234 715, жалпы жарандык паспорт (чет өлкөлүк паспорт) - 145 439. Бул тууралуу МККнын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинен билдиришти. Ушул жылдын 9 айында 16 жашка толгон Кыргызстандын 26 049 жараны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.12.2012г-жылдагы токтомуна ылайык акысыз паспорт алышты. 2014-жылдын 1-январына карата... Кененирээк
  • 11
  • Nov

2014-жылы Кыргызстанда төрөлүүнүн саны өскөндүгү байкалууда

2014-жылдын 9 айында республика боюнча 122 миң 215 бала төрөлгөндүгү катталган. Наристелердин төрөлүүсүнүн жогорку көрсөткүчү Ош облусунда – 26 836 жана Жалал-Абад облусунда - 23 924 катталган. Салыштырсак, 2013-жылдын ушундай эле мезгилинде 116 688 ымыркай төрөлгөн эле. Ушул жылдын 9 айында республика боюнча 38 277 нике катталган. Жарандык абалдын актыларын каттоонун көрсөткүчтөрүнө таянсак, Ош облусунда 9 327 нике катталса, Жалал-Абад облусунда 7 559... Кененирээк
  • 06
  • Nov

МКК: Чүй областында биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн 10 пункт даярдалды

2014-жылдын 20-октябрынан тартып 5-ноябрына чейин Бишкек шаары боюнча биометрикалык каттоодон 22 миң 408 адам өткөн. МКК Штабынын статистикалык маалыматтары боюнча күн сайын борбор калаабызда биометрикалык маалыматтарын 2 миңден ашуун адамдар тапшырып жатышат. Зарылдыгына жараша биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча пункттарда жабдуулардын кошумча комплекттери орнотулууда. МКК Штабынын маалыматтары боюнча бүгүнкү күндө Чүй областы боюнча биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн... Кененирээк
  • 04
  • Nov

Борбор калаабыздын райондук администрацияларында биометрикалык маалыматтарды топтоо, сактоо жана пайдалануу маселелери боюнча тегерек столдор өтүүдө

2014-жылдын 4-ноябрында КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, «Таза Шайлоо» Ассоциациясы менен биргеликте Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен бирге тегерек столдорду өткөрүүдө. Тегерек столдордун ишинде жергиликтүү райондук администрациялардын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, МАБдардын, квартал комитеттеринин, үй комитеттеринин өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык... Кененирээк
  • 04
  • Nov

Бишкекте биометрикалык маалыматтарын 17 миң 252 адам тапшырды

Биометрикалык маалыматтарды топтоо борбор калаабыздын бардык райондорунда жана мамлекеттик мекемелерде жүргүзүлүүдө. Анын ичинде кабыл алуу пункттары 1-ноябрда маданият, маалымат жана туризм министрлигинде, Октябрь райадминистрациясында, КР Президентинин аппаратында иш алып барышты. Октябрь районундагы 63 жана 56-мектептерде жайгашкан топтоо пункттары убактылуу 10-кичирайондо жайгашкан И.Арабаев ат. КМУга көчүрүлүшкөн. Көк-Жар жаңы конушундагы 88-мектепте жайгашкан топтоо пункту... Кененирээк
  • 04
  • Nov

Калкты тейлөө борбору өз ишин жаңы даректе улантты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы калкка маалымдоо максаттарында, төмөнкүнү билдирет: Мурда Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсү, №24 дареги боюнча жайгашкан Калкты тейлөө борбору (КТБ), бүгүнкү күндөн тартып жаңы дарек боюнча өз ишин жарым-жартылай жүргүзө баштады. Эми Калкты тейлөө борбору Тынчтык пр., 95 дареги боюнча эски аэропорттун имаратында, «Ак-Кеме» отелинин каршысында жайгаштырылды. Азыркы күнгө карата КТБ мамлекеттик маанидеги... Кененирээк

Өнөктөштөр