- 03
- Nov
Борбор калаабызда биометрикалык маалыматтарын 14527 адам тапшырышты
Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрынан 31-октябрына чейин Бишкекте биометрикалык маалыматтарын 14527 адам тапшырган.
Биометрикалык маалыматтарды топтоо борбор калаабыздын бардык райондорунда жана мамлекеттик ишканаларда жүргүзүлүүдө. Анын ичинде 31-октябрь күнү кабыл алуу пункттары Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Чек ара кызматында иштешкен.
Октябрь районундагы 63 жана 56-мектептерде жайгашкан топтоо пункттары убактылуу 10-кичирайондо жайгашкан И.Арабаев ат. КМУга...
Кененирээк
- 31
- Oct
Лев Толстой №24 көчөсүндөгү УТБнын көчүрүлүп жаткандыгына байланыштуу калкты тейлөө убактылуу токтотулат
МККга караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын алдындагы Л.Толстой №24 күч., Калкты тейлөө борборунун көчүрүлүп жаткандыгына байланыштуу, ишкана мамлекеттик маанидеги документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча калкты тейлөөнү ушул жылдын 31-октябрынан тартып 7-ноябрына чейин убактылуу токтотот.
МКК келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурайт.
КТБ жайгаша турган жаңы орун тууралуу маалымат кийинчерээк кошумча берилет.
Кененирээк
- 30
- Oct
Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк банктын (ББ) "Doing Business-2015" жыл сайын ыйгарылуучу рейтингинде он өлкөнүн катарына кирди
Бүткүл дүйнөлүк банктын Doing Business-2015 рейтингинин жыйынтыктары боюнча Кыргызстан 189 өлкөнүн ичинен 6 позицияга чейин көтөрүлгөн. Ага Кыргызстандын «Менчикти каттоо» индикатору боюнча мыкты практикаларына жетишкендиги негиз болуп калган. Бул 2009-жылга салыштырмалуу жогору карай 46 позицияга жылышуу болуп эсептелет.
Кыргызстандын позицияларын жакшыртуу үчүн маанилүү болуп, кыймылсыз мүлктү каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөткөн реформалардын жүргүзүлүшү эсептелип калды....
Кененирээк
- 30
- Oct
МКК жарандыгы жок болгон 12 адамга КРнын паспортун берди
Паспортторду бүгүн, 30-октябрда , МККнын төрайымынын орун басары Элдияр Усубалиев жана БУУнун КЖКБ Йоханн Сиффоант тапшырышты.
Жарансыздыкты түп-тамырынан бери жок кылуу боюнча глобалдык кампания Кыргызстанда КРӨ МКК тарабынан БУУнун Жогорку комиссар башкармалыгынын качкындар иштери боюнча Өкүлчүлүгү менен бирге ишке киргизилген эле.
«2014-жылдын башына карата Кыргызстанда 11 миң адам кызыл, советтик паспортторго ээ болушкан. Июнь айынын акырына карата 19 миң адам КРнын...
Кененирээк
- 29
- Oct
МКК: 2015-жылдан тартып РФтин чек арасын кесип өтүү учурунда Кыргызстандын жарандары чет элдик паспортун көргөзүүлөрү керек болот
КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, РФ ТИМдин нотасына ылайык, Кыргызстандын жарандарын 2015-жылдын 1-январынан тартып РФтин аймагына кирүү жана андан чыгып кетүү чет элдик паспорттор боюнча боло турган режимдин киргизилгендиги тууралуу эскертет.
Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик каттоо кызматы калктын арасында 2015-жылдан тартып РФке кирүү үчүн чет элдик паспортту көрсөтүүнүн зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Ошону менен бирге, РФтин чек арасын кесип өтүү...
Кененирээк
- 29
- Oct
Борбор калаабызда маданият ишмерлери биометрикалык маалыматтарын тапшырышууда
Бишкекте калкты биометрикалык каттоо улантылууда. Графикке ылайык үстүбүздөгү жылдын 29-октябрынан 31-октябрына чейин КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратында биометрикалык маалыматтарын Мамлекеттик тарых музейинин, Фрунзе ат. Мемориалдык музейдин жана Кыргыз Республикасынын Китеп палатасынын кызматкерлери тапшырышат.
30-октябрь күнүнө биометрикалык каттоодон башында маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов турган министрликтин Борбордук...
Кененирээк
- 28
- Oct
КР ИИМдин Академиясында жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинде кызматкерлер биометрикалык маалыматтарын тапшырышты
Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча кампания “КР жарандарынын биометрикалык маалыматтары жөнүндө” мыйзамдын алкактарында жүргүзүлүүдө.
КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинде дүйшөмбүдө, 27-октябрь күнү, биометрикалык маалыматтарын 118 адам тапшырган, ИИМ Академиясынан – 120. Алгачкылардын катарында өз биометрикалык маалыматтарын (БМ) Академиянын начальниги Жеңиш Жакыпов, анын орун басарлары, ошондой эле факультеттердин, кафедралардын, башкармалыктардын,...
Кененирээк
- 23
- Oct
КРнын Даректик каттоосунун маалыматтар базасы мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлдердеги маалыматтык системаларда негизгилерден болуп калат
Даректик каттоо маалыматтык системасынын (ДКМС) өзү даректик маалыматтарды топтоонун, сактоонун, жүргүзүүнүн жана берүүнүн бирдиктүү булагын көрсөтүп турат. Даректик каттоону түзүү инновациялык технологияларды колдонуу менен шайлоо системасыг өркүндөтүүнүн ажыратылгыс компоненти болуп саналат. Анткени, шайлоо процесстери жүргөн учурлардагы тартип бузуулар дал ушул даректик маалыматтын жоктугунан же бурмаланышынан улам шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу баскычында болуп келе жатканы...
Кененирээк
- 20
- Oct
Борбор калаабызда биометрикалык маалыматтарды массалык топтоо башталды (Бишкектеги топтоо пункттарынын даректери)
20-октябрда Бишкек шаары боюнча калктын биометрикалык маалыматтарын массалык каттоону жүргүзүү башталды. Биометрикалык маалыматтарга төмөнкүлөр кирет: колдун 10 манжасынын тактары, беттин санариптик фотосүрөтү жана электрондук кол коюусу.
«Инфоком» МИсинин түндүк филиалынын жетекчиси Н.Дуйшекеевдин айтуусу боюнча «Бишкек Калкты тейлөө борборуна таңкы саат 9дан тартып жарандар келишүүдө жана өздөрүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшырышууда. Биометрикалык маалыматтарды...
Кененирээк
- 20
- Oct
КРӨ МККнын жаңы порталы www.darek.kg – Кыргызстандын көчөлөрүнүн аталыштарынын маалыматтарынын бирдиктүү базасын түзүүдөгү революциялык кадам
Бүгүн, 20-октябрда, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын www.darek.kg жаңы порталынын бетачары болуп өттү.
www.darek.kg порталы – Кыргызстан үчүн бардык мамлекеттик органдар, ошондой эле КРнын юридикалык жактары жана жеке адамдары үчүн даректик маалыматты киргизүүнүн бирдиктүү булагы болуп кызмат өтөөгө арналган революциялык кадам.
Портал республиканын көчөлөрүнүн аталыштарын конкреттештирет, бул келечекте шайлоочулардын жашаган жери боюнча даректерин жана...
Кененирээк