Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
  • 27
  • Jan

Мобилдүү КТБ: Калктын социалдык аярлуу катмарына жардам берүү үчүн жеңилдетилген сапарлар.

Мобилдүү КТБ: Калктын социалдык аярлуу катмарына жардам берүү үчүн жеңилдетилген сапарлар. 2016-жылдан тартып "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын мобилдүү тобу Бишкек жана Ош шаарларында гана документтерди кабыл алып турган.  Паспортко документтерди кабыл алуу жана тариздетүү үчүн техникалык жабдуулар менен жабдылган атайын микро автобустар (мобилдүү  КТБ) 2018-жылдан бери өлкө аймагын кыдырып жатышат. 2016-жылдан берки 5 жыл аралыгында өзгөчө категориядагы 3,5 миң... Кененирээк
  • 26
  • Jan

МККнын ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ: паспорт

МККнын ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ: паспорт   Биометрикалык маалыматтары бар электрондук чиптер 2017-жылы эле ички паспортторго киргизилген, бирок жалпы жарандык паспорттордо (ЖЖП) эми пайда болот. Жаңы биометрикалык ЖЖПду алгачкы ээлери апрель айында алат деп күтүлүүдө. 2020-жылы эки паспортту тең жаңыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.   Сөздү Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук үлгүдөгү идентификациялык карталарынан баштасак. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун... Кененирээк
  • 26
  • Jan

2016-2020-жылдары аталыкты аныктоону каттоо жөнүндө маалымат

2016-2020-жылдары аталыкты аныктоону каттоо жөнүндө маалымат 2016-жылы аталыкты аныктоо үчүн 29 341 адам катталган. 2017-жылы 26 858 учур катталган. 2018-жылы - 27 936 факт. 2019-жылы 27 642 факт катталган. 2020-жылы аталыкты аныктоо үчүн 17 587 жаран каттоо өткөн.   Бала асырап алууну каттоонун беш жылдык көрсөткүчтөрү. 2016-жылы 1025 адам каттоого алынган. 2017-жылы 980 катталган. 2018-жылы - 1036. 2019-жылы 983 жазылган.... Кененирээк
  • 25
  • Jan

Нарын облусунун уникалдуу тургуну Талант Ташматов үчүн бекер барып, анын паспортун төлөп берди.

Кочкор районунун КТБсы тракторлордун, жүк ташуучу автоунаалардын жана жүктөгүчтөрдүн үлгүлөрүн өзүнүн сүрөтү боюнча жасаган Нарын облусунун уникалдуу тургуну Талант Ташматов үчүн бекер барып, анын паспортун төлөп берди. 37 жаштагы Талант Ташматов 2-топтогу майып, кичинесинен бери автоунааларды  жакшы көрөт, өзүнүн моделин жаратууда эч кандай ширетүүнү колдонбойт. Мөөнөтү бүткөндүгүнө  байланыштуу, ошондой эле акимчиликтин жана Кочкор районунун Калкты тейлөө борборунун... Кененирээк
  • 25
  • Jan

Ден-соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан кайрымдуулук концерти

Ден-соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан кайрымдуулук концерти Кожомкул атындагы Спорт ордосунда таланттуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын кайрымдуулук концерти болуп өттү. Кыргыз эстрада жылдыздары ДМЧАдын демилгесин колдошту. Алар дуэт болуп, белгилүү жана популярдуу ырларды аткарышты. Концерт «Эне Эмгеги» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган. Концерттен түшкөн каражат церебралдык шал оорусу менен майып балдардын дарылануусуна жумшалат.... Кененирээк
  • 25
  • Jan

5 жылдын ичинде Кыргызстанда 231111 нике катталып, 49272 түгөй ажырашкан.

  5 жылдын ичинде Кыргызстанда 231111 нике катталып, 49272 түгөй ажырашкан.   2016-жылы 48 936 түгөй баш кошкон. 2017-жылы 43 325 үй-бүлө жаралган. 2018-жылы 49 511 түгөй катталган. 2019-жылы 49 395 нике каттоо болгон. 2020-жылы 39 944 түгөй мамилесин каттаган.   2016-жылы 9 098 түгөй мамилесин токтоткон. 2017-жылы 9 594 түгөй ажырашкан. 2018-жылы 10 435 ажырашуу катталган. 2019-жылы - 10 995. 2020-жылы - 9150... Кененирээк
  • 25
  • Jan

МККнын ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ: онлайн-кызматтар

  МКК 2020-жылы жарандарга интернет аркылуу алыстан кызмат көрсөтүү үчүн жаңы онлайн кызматтарды киргизүү жана иштеп жаткан автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды жаңыртуу боюнча көп иштеди.   МККнын portal.srs.kg электрондук тейлөө порталы 3 жаңы кызмат менен толукталды: транспорттук каражатты каттоо жана кайра каттоо үчүн төлөмдүн суммасын эсептеген онлайн-калькулятору, “балага сүйүнчү” төлөмүнүн статусун текшерүү жана жарандык абал актыларын... Кененирээк
  • 22
  • Jan

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешме

Бүгүн, Мамлекеттик каттоо кызматынын коллегиясына даярдык көрүү алкагында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары менен кеңешме болуп өттү. Кеңешмеге «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 26 аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы Акын Мамбеталиев катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ведомствонун мындан аркы өнүгүүсү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.... Кененирээк
  • 22
  • Jan

2020-жылы Кыргызстанда төрөлүү 2019-жылга салыштырмалуу 9% га төмөндөгөн

2020-жылы Кыргызстанда төрөлүү  2019-жылга салыштырмалуу 9% га төмөндөгөн   2020-жыл кыргызстандыктар үчүн татаал болду. Бирок, буга карабастан өткөн жылдын 12 айында Кыргызстанда 158 174 ымыркайдын туулганды катталды. 2019 – жылы республика боюнча 173 601 наристелердин туулгандыгы катталган. 2020-жылкы көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 15 427 каттоого аз. 2020 - жылы республикада - 40 001 өлүм фактысы катталса, 2019 - жылы 33 317 адам каза... Кененирээк
  • 21
  • Jan

Мамлекеттик каттоо кызматы өлкөнүн бюджетине 70 млн. сомго жакын сумманы которгон

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» МИси 2020-жылдын ичинде республикалык бюджетке сандардын өзгөчө айкалышындагы аукциондук жана аукционсуз мамномерлерге карата сертификаттарды сатуудан 70 млн. сомго жакын сумманы которгон. Өлкөнүн бюджетине өзгөчө айкалыштагы мамлекеттик номер белгилерин сатуудан 91% жана аталыштагы мамномерлер үчүн 100% сумма которулат. 2019-жылга салыштырмалуу автоунаага карата даярдалган номер белгилеринин саны 99 миң пластинага төмөндөгөн.... Кененирээк

Өнөктөштөр