Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119

Кыргызстандын паспорт кызматынын тарыхы

1932-жылдын 27-декабрында СССР Борбордук аткаруу комитети жана Эл комиссарлар кеңеши «ССР союзу боюнча бирдиктүү паспорт тутумун бекитүү жана милдеттүү түрдө паспортторду каттоо жөнүндө» токтом кабыл алган.

Ушул токтомдон паспорт-виза кызматынын тарыхы башталган, ага калкты паспорттоштуруу милдети жүктөлгөн.  «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашырууну камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11,12-беренелерине  ылайык, Калкты каттоо департаменти түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын курамына кирген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 токтому менен калкты каттоо департаменти калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти болуп кайра түзүлгөн. 

Өнөктөштөр