Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 23/09/2015

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2013-жылдын 30-майы N 304

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин түзүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаменти менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин укук алуучусу болуп саналаары белгиленсин.

3. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тууралуу жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин башкаруу схемасы.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

- түзүлгөн бөлүмдүн башкаруу түзүмдөрүнүн штаттык санын бир айлык мөөнөттө оптималдаштырсын;

- үч айлык мөөнөттө:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин бул токтомдун жоболоруна ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин;

маалыматтык-коммуникациялык жана геомаалыматтык технологияларды колдоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментине караштуу Геомаалыматтык системалар борборун түзүүнүн ылайыктуулугу тууралуу маселени карап чыксын;

бул токтомдон келип чыккан башка зарыл чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджетти түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн иштеши үчүн зарыл финансылык каражаттарды эске алсын.

6. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы N 73 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаменти жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы N 74 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Коммерциялык юридикалык жактарды жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө" токтому.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 4-июнунда N 46 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы N 304 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин башкаруу
СХЕМАСЫ

 

Өнөктөштөр