Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 14/03/2018

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2004-жылдын 4-декабры N 886

Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Ички миграция жөнүндө" Мыйзамынын 20-статьясын аткаруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде эсепке алууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, миграция жаатындагы башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар эки айлык мөөнөттө өздөрүнүн ведомстволук нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

Н.Танаев

 

Өнөктөштөр