Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 14/03/2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 4-декабрындагы
N 886 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана

каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө
ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы N 936, 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574, 2017-жылдын 28-августундагы № 542 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Бул Жобо "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, жарандардын өз укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруусу, алардын башка жарандардын, мамлекеттин жана коомдун алдындагы милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

I. Жалпы жоболор

1. Жашаган жери болуп Кыргыз Республикасынын жараны туруктуу жашаган жер эсептелет.

Барган жери болуп жаран убактылуу жашаган жер эсептелет.

(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы N 936 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Жашаган жери боюнча каттоого Кыргыз Республикасынын тиешелүү администрациялык-аймактык бирдигинин аймагында турак жайда туруктуу жашаган жарандар тийиштүү.

3. Барган жери боюнча каттоого туруктуу жашаган жеринен башка жерге жашаган жери боюнча каттоодогу эсептен чыкпастан 45 календарлык күндөн ашык мөөнөткө убактылуу кеткен жарандар тийиштүү.

4. Каттоо эсебин жүргүзүү үчүн жарандын ким экендигин ырастоочу зарыл документтер болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- паспорт;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - 16 жашка чыга элек жарандар үчүн;

- аскердик билет - чакыруу же контракт боюнча аскердик кызмат өтөгөн жарандар жана аскерге милдеттүүлөр үчүн;

- аскердик бөлүк же аскердик мекеме тарабынан берилген маалымкат - аскер кызматчылары үчүн;

- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- эркинен ажыратылган жерден бошотулгандыгы жөнүндө маалымкат - эркинен ажыратылган жерден бошотулган жарандар үчүн;

- убактылуу жана туруктуу жашоочу жерине укук - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн, алар Кыргыз Республикасынын аймагына келген мезгилде.

(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы N 936, 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

5. Жарандарды жашаган жана барган жери боюнча каттоого жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү кызматкерлери эсептелет.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574, 2017-жылдын 28-августундагы № 542 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

6. Арыздардын жана жарандарды каттоо үчүн башка документтердин формалары, ошондой эле тиешелүү штамптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан аныкталат.

Статистикалык эсепке алуу формасы, каттоону эсепке алуу органы менен статистикалык эсепке алуу органынын ортосундагы документтердин жүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан белгиленет.

Эсепке алуунун жана Калкты мамлекеттик каттоонун маалыматтар базасын түзүү, жүргүзүү, сактоо, пайдалануу үчүн маалыматтарды берүү боюнча документтердин формасы, ошондой эле аларды каттоо эсебине алуучу органдардын ортосунда жүгүртүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан белгиленет.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрү жарандарды каттоону жүргүзүүдө жана каттоодогу эсептен чыгарууда төмөнкүдөй негизги функцияларды аткарат:

- жарандарды каттоону жана каттоодогу эсептен чыгарууну тариздөө;

- даректик-маалыматтык иштерди жүргүзүү;

- аткаруу бийлиги органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле аскер комиссариаттары менен өз ара байланышта болуу;

- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- соттуулугу бар адамдарды каттоодо аларды эсепке алуу;

- жарандарды каттоону эсепке алууга тиешелүү кабыл алынган мыйзамдык жана башка нормативдик укуктук актылар жөнүндө калкка маалымдоо;

- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- мамлекеттик жана коммуналдык органдардын тиешелүү суроо-талаптары боюнча жарандарды каттоо жөнүндө маалыматтарды берүү;

- каттоо объектиси болуучу жарандар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине жиберүү.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Мамлекеттик коопсуздук жана коомдук тартипти коргоо, калктын ден соолугун коргоо кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын айрым жерлеринде эркин жүрүүнү, жашаган жерин жана баруучу жерин тандоону чектөө белгилениши мүмкүн.

Жашаган жерин тандоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чектөөлөр белгиленген жерлерде ушул чектөөлөргө карабастан туруктуу жашоочу жерине келген жарандар, ошондой эле белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жашоого укук берилген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар катталат, алар:

- жубайы - жубайынын турак аянтына;

- жашы жетпеген балдар жана көзөмөлдө тургандар - ата-энесинин жана көзөмөлчүнүн турак аянтына;

- өз үй-бүлөсү жок же жашы жетпеген балдары бар, бирок никеде турбаган жашы жеткен балдар - ата-энесинин турак аянтына;

- ата-энелери - балдарынын турак аянтына;

- бир тууган ага-инилери жана эже-сиңдилери, эгерде алардын өз үй-бүлөсү болбосо - ага-инисинин же эже-сиңдисинин турак аянтына;

- мурда ушул калктуу конушта жашап, эмгек контракты боюнча иштегенге башка жерге убактылуу кеткен адамдар, ошондой эле колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык убактылуу кеткенде турак жайды пайдалануу укугу сакталган жарандар - мурдагы жашаган жерине же туутандарына;

- эркинен ажыратылган жерден бошотулган адамдар-мурдагы жашаган жериндеги алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, туугандарына же алар соттолгонго чейин жашаган адамдарга;

- мөөнөттүү кызматы аяктаганы боюнча Куралдуу Күчтөрдүн катарынан бошотулган аскер кызматчылары - мурдагы жашаган жерине, же болбосо ата-энелерине же туугандарына;

- турак жайы жок, мөөнөтүнөн ашык кызматтан запаска бошотулган же отставкага чыгарылган аскер кызматчылары, Куралдуу Күчтөрдүн прапорщиктери, мичмандары, офицерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү - жакын туугандарынын турак аянтына.

Аталган чектөөлөр убактылуу жашоо үчүн келген адамдардын төмөнкүдөй категорияларына жайылтылбайт:

- жогорку же атайын орто окуу жайларына белгиленген тартипте киргизилген окуу жайлардын студенттери (угуучулары), ошондой эле аспиранттар, ординаторлор, квалификацияны жогорулатуу боюнча кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча курстардын угуучулары - окуу мезгилине;

- белгиленген тартипте жогорку окуу жайларына киргизилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, УККнын жана ИИМдин аскердик академияларынын жана окуу жайларынын аспиранттарынын, ординаторлорунун жана угуучуларынын үй-бүлө мүчөлөрү - аталган окуу жайларда окуу мезгилине;

- мыйзамда белгиленген тартипте качкын деп таанылгандар.

II. Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жана барган жери боюнча жарандарды каттоо жана каттоодон чыгаруу эрежеси

9. Ар бир жаран "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жана барган жери боюнча катталууга милдеттүү.

Жашаган жерин өзгөрткөн жаран жаңы жашоочу жерине келген күндөн тартып 10 жумушчу күндөн Кечиктирбестен белгиленген форма боюнча арыз менен каттоону эсепке алуу органына кайрылууга милдеттүү. Бул учурда төмөнкүлөр берилет:

- паспорт же жарандын ким экендигин ырастоочу аны алмаштыруучу башка документ;

- жаранды турак жайга жайгаштыруу үчүн негиз болуп эсептелүүчү документ (ордер, келишим, турак жайды берген адамдын арызы же башка документ) же анын тиешелүү күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- каттоо эсебинен алдын ала чыккан учурда белгиленген форма боюнча чыгуунун даректүү баракчасы;

- аскерге милдеттүүлөр (чакырылуучулар) үчүн - мурдагы жашаган жери боюнча аскердик эсептен чыккандыгы жана жаңы жашаган жерине аскердик эеепке тургандыгы жөнүндө белгиси бар аскердик билети (аскердик каттоого коюлганы жөнүндө күбөлүк).

Шаардык жана айылдык калктуу конуштарда, жабык аскердик шаарчаларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрү бар чек ара зонасында же жабык администрациялык-аймактык түзүлүштөрдө жарандардын каттоосун тариздөө үчүн документтерди кабыл алган, каттоо үчүн жооптуу кызмат адамдары алар жөнүндө маалыматтарды үй ээсинде сакталуучу үй-квартира китепчесине, ошондой эле каттоо карточкасына жана квартиралык карточкага жазат, белгиленген форма боюнча каттоонун даректик баракчаларын, статистикалык эсепке алуу талондорун, шайлоочуларды эсепке алуу талондорун түзөт жана алардын жашаган жери боюнча жарандарды каттоону тариздейт.

Ошону менен бирге каттоону эсепке алуу органдары ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 2-күнүнөн кечиктирбестен "Каттоонун жана каттоодон чыгуунун даректүү баракчасына шайлоочуларды эсепке алуу талону" деп аталган N 10 форма боюнча маалыматтарды тиешелүү шаардык, райондук мамлекеттик администрациялардын "Шайлоо" ГАС системалык администраторуна берүүгө тийиш.

Калган калктуу конуштарда каттоону эсепке алуу менен каттоо үчүн жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары иш жүргүзөт.

Каттоо үчүн жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары жума сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга катталган жарандардын саны жөнүндө маалыматтарды жиберип турушу керек.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомунун редакциясына ылайык)

10. Кыргыз Республикасынын жарандары жараксыз паспорт менен жаңы жашоочу жерге келген учурда каттоону эсепке алуу органдары ким экендиги аныкталгандыгы боюнча ушундай адамдарды каттайт.

Мында жараксыз паспорттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте алмаштырылууга тийиш. Жараксыз паспортторду жок кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрү аны коштоочу кат менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жиберишет. Каттоону эсепке алуу органдары жарандарга жараксыз паспортун белгиленген тартипте алмаштырууну сунуш кылууга тийиш.

Жашаган жери боюнча жарандарды каттоо ким экендигин ырастоочу документ (паспорттон башка) боюнча жүргүзүлгөн учурда каттоо жана катгоодон чыгаруу штампы "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясында көрсөтүлгөн документтерге коюлат.

Каттоо жана каттоодон чыгаруу штампы 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын паспортторуна коюлбайт.

Ушундай учурларда каттоо (каттоодон чыгаруу) жөнүндө штамптар каттоону жана катгоодон чыгууну эсепке алууну көрсөтүү менен каттоо жөнүндө карточканын, үй-квартира китепчесинин "жашаган жери боюнча каттоо жөнүндө белги" жана "каттоодон чыгаруу жөнүндө белги" деген графаларына коюлат.

(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы N 936, 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

11. Паспортун алмаштырган же жоголгондун ордуна берилген паспорт, ошондой эле туулгандыгы жөнүндө күбөлүк боюнча катталган, биринчи жолу паспорт алган жарандарды каттоо датасы алгачкы каттоого ылайык көрсөтүлөт.

12. Каттоону эсепке алуу органы жаранды жаңы жашаган жери боюнча ал каттоо үчүн документти берген күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбей каттоого милдеттүү.

Жарандын арызы боюнча каттоону эсепке алуу органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан белгиленген форма боюнча жаран мурда катталган жериндеги каттоону эсепке алуучу башка органга жашаган жерин өзгөрткөндүгү жөнүндө билдирүү жиберет. Мындай маалыматты алгандан кийин мурдагы жашаган жеринин каттоону эсепке алуу органы аны каттоо эсебинен чыгарат.

Жашаган жери боюнча жарандарды каттагандыгы үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик алымдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик алым алынат.

Бул учурда жарандын ким экендигин ырастоочу документке каттоо эсебинен чыгаруу жөнүндө белги каттоо штампы менен бир мезгилде коюлат жана "арызы боюнча чыгарылды" деп жазылат.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Кыргыз Республикасынын аймагында бир нече турак жайга менчик укугу бар жаран алардын бирине гана жашаган жери боюнча катталат.

14. Туруктуу жашаган жери жок жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органында катталышат. Туруктуу жашаган жери жок жарандарды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын юридикалык дареги боюнча, адамдын ким экенин билдирүүчү документтин негизинде ишке ашырылат.

Каттоонун жыйынтыгында туруктуу жашаган жери жок жарандарга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына тапшырыш үчүн маалымкат берилет.

Туруктуу жашаган жери жок жаранда анын ким экенин билдирүүчү документи жок болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туруктуу жашаган жери жок жарандын айтуусу боюнча (фамилиясы, аты, атасынын аты жөнүндө) маалымат алышып, жарандын ким экенин аныктоо жана маалымкат берүү үчүн керектүү маалымат алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына, ички иштер органдарына, аскердик комиссариаттарга суроо-талап жиберишет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алышын камсыздоо максатында каттоо жана маалымкат берүү үчүн туруктуу жашаган жери жок жарандын ким экенин билдирүүчү документтерин алынган маалыматтардын негизинде калыбына келтирет.

Туруктуу жашаган жери жок жарандардын ким экенин билдирүүчү документтерин калыбына келтирүүгө, ошондой эле каттоого жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алууга байланышкан чыгымдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомунун редакциясына ылайык)

15. Жашаган жери боюнча каттоо эсебинен жаранды чыгаруу "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясына ылайык каттоону эсепке алуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

16. Аскер кызматчыларын (мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн солдаттарды, сержанттарды жана старшиналарды кошпогондо) жашаган жери боюнча каттоо аскер бөлүгүнүн командачылыгы берген өздүк күбөлүгүн же болбосо паспортун көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы бекиткен маалымкат боюнча жүргүзүлүп, ага катталгандыгы жөнүндө штамп коюлат.

Бул учурда катгоо үчүн жооптуу тарабынан каттоо карточкасынын жана үй-квартира китепчесинин "аскердик кызматка тиешеси" графасына "аскер кызматчысы" деген белги коюлат.

Аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү турак жай алганга чейин аскер бөлүгү жайгашкан жер боюнча катталышы мүмкүн.

Чакыруу боюнча аскердик кызматты өтөгөндөн кийин запаска бошотулган жарандарды жашаган жери боюнча каттоо ушул Жободо каралган тартипте жүргүзүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574, 2017-жылдын 28-августундагы № 542 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

17. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын запастагы офицерлеринин катарындагы аскерге милдеттүүлөрдүн каттоого турушу жана чыгышы алардын аскердик-каттоо документтеринде тийиштүү улуттук коопсуздук органдарынын өзгөчө каттоого алуу же андан чыгаруу жөнүндө белгилери болгондо ишке ашырылат.

Алар жашаган жерин өздөрү каттоодо турган улуттук коопсуздук органдары тейлеген чектерде өзгөрткөн учурда каттоого коюу жашаган жери боюнча эсебине өзгөртүүлөр киргизилгени тууралуу улуттук коопсуздук органдарынын маалымкаты тапшырылганда ишке ашырылат.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомунун редакциясына ылайык)

18. Ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарында кызматта турган жана ушул органдардын эсебинде турган жарандардын каттоосун тариздөө ошол эсепте турганы жөнүндө тийиштүү маалымкатты тапшырганда каттоо карточкаларына жана үй-квартира китептерине "аскердик кызматка мамилеси" деген графасында "ички иштер органдарынын эсебинде" же "улуттук коопсуздук органдарынын эсебинде" деген белгилерди коюу менен ишке ашырылат.

Бул учурларда аскер комиссариаттарына каттоо карточкаларын же үй-квартира китепчесин берүү талап кылынбайт.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомунун редакциясына ылайык)

19. Соттуулугу бар адамдар эркинен ажыратылган жерден бошотулгандыгы жөнүндө маалымкатты берүү менен ички иштер органдарынын паспорттук-визалык подразделениелеринде эсепке алынат.

Соттуулугу бар адамдарды каттоо жана каттоодон чыгаруу ички иштер органдары тарабынан гана жүргүзүлөт.

20. Эркинен ажыратууга соттолгон жарандарды, эгерде алар кайтарууда болсо, жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу соттун өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришинин негизинде жүргүзүлөт.

21. Турак жай массивдеринде (жаңы конуштарда) иш жүзүндө жашаган үй куруучу жарандарды алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен каттоо алардын техникалык абалына карабастан төмөнкү документтери болгондо жүргүзүлөт:

- жарандын ким экендигин ырастоочу документи;

- жеке турак үй курууга жер участогун бөлүп берүү жөнүндө райондук мамлекеттик администрациянын чечими;

- турак жай массивинин жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын төрагасынын көчөнү жана үйдүн номерин көрсөтүү менен жашаган жерин ырастоочу маалымкаты;

- аскерге милдеттүүлөр үчүн - жаңы жашаган жери боюнча аскердик эсепке алуу жөнүндө аскер комиссариатынын белгиси бар аскердик билети (аскердик каттоого коюлганы жөнүндө күбөлүк).

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомунун редакциясына ылайык)

22. Студенттерди жана окуучуларды каттоо аларды окуу жайына кабыл алгандан кийин билим берүү мекемелеринин жатаканаларына бир жыл мөөнөткө андан ары каттоону ошол эле мөөнөткө узартуу менен жүргүзүлөт. Бул учурда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- паспорт же мурдагы жашаган жери боюнча каттоону эсепке алуудан чыгаруу меыен жарандын ким экендигин ырастоочу аны алмаштыруучу башка документ;

- тиешелүү окуу жайынын өтүнүч каты;

- кабыл алуу номерин жана датасын көрсөтүү менен окуу жайынын маалымкаты;

- аскерге милдеттүүлөр үчүн - жаңы жашаган жери боюнча аскердик эсепке алуу жөнүндө аскер комиссариатынын белгиси бар аскердик билети (аскердик каттоого коюлганы жөнүндө күбөлүк).

Турак жай берген адамдардыкына студенттерди жана окуучуларды каттоо ушул Жобого ылайык жалпы негизде жүргүзүлөт.

Билим берүү мекемелеринин жатаканаларына жалдоочу катары окуу жайынын кызматкерлерин жана жашоочуларды каттоо төмөнкү документтердин негизинде ошол эле бир жыл мөөнөткө жүргүзүлөт:

- паспортунун же мурдагы жашаган жериндеги каттоону эсепке алуудан чыгаруу менен жарандын ким экендигин ырастоочу башка аны алмаштыруучу документинин;

- тиешелүү окуу жайынын өтүнүч катынын;

- ишке кабыл алуу номерин жана датасын көрсөтүү менен окуу жайынын маалымкатынын (кызматкерлерге);

- жашоого жалдоо келишиминин;

- аскерге милдеттүүлөр үчүн - жаңы жашаган жери боюнча аскердик эсепке алуу жөнүндө аскер комиссариатынын белгиси бар аскердик билети (аскердик каттоого коюлганы жөнүндө күбөлүк).

(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы N 936, 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

23. Эмгек контракты боюнча жумуш аткаруу максатында башка жерге келген жаран алар көрсөткөн дарекке жана мөөнөткө ылайык жумушчу менен эмгек контрактын түзгөн мамлекеттик органдын же башка уюмдун заявкасы боюнча катталат.

Аларды каттоо алар катталган мөөнөт бүткөндө аяктады деп эсептелет.

Бул эрежелер жатаканаларда жашоочу орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерине жана окуучуларына, ошондой эле окуу жайларынын кызматкерлерине жана жатаканаларда жашаган тургундарга жайылтылат.

24. Ата-энелери (камкорчулары, көзөмөлчүлөрү) менен келген жана кеткен 16 жашка чыга элек балдар каттоо карточкасына жана үй-квартира китепчесине, даректик баракчаларга жана ата-энесинин (камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн) биринин статистикалык эсепке алуу талонуна, ошондой эле квартиралык карточкаларга алар жөнүндө маалыматтарды киргизүү жолу менен катталат жана каттоодон чыгарылат.

Эсепке алуу документтерине балдары жөнүндө маалымат жазылган жашы жете элек баланын ата-энесинин бири кеткен учурда маалымат алар менен бирге жашап калган башка ата-энесинин каттоо жөнүндөгү эсепке алуу документине которулуп жазылат.

Ата-энесисиз (камкорчусу, көзөмөлчүсү) жашаганга же окуганга башка жерге кеткен 16 жашка чейинки балдар жалпы тартипте жаңы жашаган жери боюнча катталат.

Балдар мекемелеринде (балдар үйлөрү, мектеп-интернаттар), атайын мектептерде жана менчигинин түрүнө карабастан башка ушул сыяктуу мекемелерде жашаган балдар эгерде ушундай мекемелер жайгашкан калктуу конуштардын же административдик райондордун чектеринде жашоочу ата-энелеринде же башка туугандарында катталбаса, ушул мекемелерге керектүү мөөнөткө катталат.

Ушул категориядагы адамдарды каттоо мекемелерде жашы жетпеген жарандардын болушун ырастоочу документтер болгондо жана ушул мекемелердин администрацияларынын өтүнүч каттары боюнча жүргүзүлөт.

25. Өлгөндөрдү же соттун чечими менен өлдү деп жарыялангандарды каттоо эсебинен чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмүнө ЖААК органдарынан же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан келген баяндамалардын жана өлгөндөрдүн же өлдү деп жарыялангандардын паспортторунун негизинде ишке ашырылат. Мында баяндамалар жана паспорттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмүнө айына бир жолудан кем эмес жиберилип турат, андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жок кылынат.

Каза болгондорду же соттун же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен каза болду деп жарыялангандарды каттоодон чыгаруу жарандык абалдын тиешелүү актыларына өлгөндүгү жөнүндө каттоо менен бир мезгилде жүргүзүлөт.

Өлгөндүгүн каттоодо паспорттор тапшырылбаган жана аларды алууга мүмкүн болбогон учурларда каттоо эсебинен чыгаруу ЗАГСтын тизмесинин негизинде жүргүзүлөт.

Каза болгондорду же каза болду деп жарыялангандарды каттоодон чыгаруу жөнүндө кызыгдар жеке же юридикалык жактар билдиришсе, каза болгондорду катгоодон чыгаруу ушул адамдардын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомунун редакциясына ылайык)

26. Барган жери боюнча жарандарды каттоо жашаган жери боюнча каттоодон чыгаруусуз жүргүзүлөт.

Баруучу (убактылуу жашоочу) жериндеги анын жашоочу жери болуп эсептелбеген турак жайга 45 календардык күндөн ашык мөөнөткө келген жаран келген күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде арыз менен каттоону эсепке алуу органына кайрылууга милдеттүү. Бул учурда паспорту же жарандын ким экендигин ырастоочу аны алмаштыруучу документи көрсөтүлөт.

Барган жери боюнча жарандарды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан белгиленген форма боюнча убактылуу каттоо талонун берүү менен жүргүзүлөт.

Жагдайга жараша убакгылуу каттоо талондору контролдук-өткөрүү пункттарында, аэровокзалдарда, темир жол жана автовокзалдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилиши мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомунун редакциясына ылайык)

27. Мейманканаларда, санаторияларда, эс алуу үйлөрүндө, пансионаттарда, кемпингдерде, ден соолук чыңдоочу базаларда, ошондой эле башка ушул сыяктуу уюмдарда барган жери боюнча жарандарды каттоо эгерде жаран 45 календардык күндөн ашык мөөнөткө келсе, ушул уюмдардын администрациялары тарабынан жүргүзүлөт.

Бул учурда келген жарандар 5 жумушчу күндүн ичинде жогоруда аталган уюмдардын администрацияларында убактылуу каттоого турууга жана ким экендигин ырастоочу документин көрсөтүүгө милдеттүү.

28. Жарандар баруу мөөнөтү бүткөндө алардын жашаган жери болуп эсептелбеген турак жайлардагы каттоо эсебинен, ал эми мейманканаларда, санаторийлерде, эс алуу үйлөрүндө, пансионаттарда, кемпингдерде, ооруканаларда, туристтик базаларда алардын кетиши боюнча каттоо эсебинен чыгарылды деп эсептелет.

III. Кыргыз Республикасынын чегинде паспорттук-визалык режимди камсыз кылуу

29. Бул Жобонун талаптарын сактоону текшерүү максатында турак жайга кирүү менен аткарылган ар кандай иш-аракеттерге ушул иш-аракеттердин мыйзамдуулугуна соттук тартипте даттануу укугун берүү менен мыйзамда белгиленген учурларда гана жол берилет.

Бул Жобонун талаптарын сактоону бардык жерде текшерүү алар өзгөчө жагдайларга байланыштуу учурда жана ички иштер органдарынын жетекчилигинин уруксаты менен жүргүзүлөт.

Уюмдарда, ишканаларда, мекемелерде, жатаканаларда, мейманканаларда, санаторияларда, эс алуу үйлөрүндө, пансионаттарда, кемпингдерде, ооруканаларда, туристтик базаларда жана башка ушул сыяктуу мекемелерде бул Жобонун талаптарын сактоону текшерүү паспорттору жана каттоолору жөнүндө эсепке алуу документтериндеги маалыматтарды кароо жолу менен жүргүзүлөт. Зарыл учурларда кароо үчүн паспорт талап кылынышы мүмкүн.

Жарандардын жана кызмат адамдарынын ушул Жобонун талаптарын сактоолорун контролдоо боюнча иштерди уюштуруу ички иштер органдарынын начальниктери тарабынан ишке ашырылат. Алар кызматтар менен подразделениелердин ортосундагы өз ара байланышты уюштурууга, ошондой эле башка укук коргоо органдары менен аскер комиссариаттарынын иштерин координациялоону камсыз кылууга милдеттүү.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 574 токтомунун редакциясына ылайык)

30. Ушул Жобонун талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартышат.

Өнөктөштөр